2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси каралган өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард метр кубду түзүүдө. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз экенин билдирди. Ошондой эле ал иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулганын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркы жылга караганда суу 2 миллиард метр кубга аз. Иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулганы айтылды. Электр энергиясын үнөмдөө менен экономиканы өнүктүрө алабызбы?" деген собол салды.
РЫСПАЕВ: "Электр энергиясын үнөмдөө менен экономиканы өнүктүрө албайбыз"
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев электр энергиясын үнөмдөө менен экономика өнүкпөйт деп буга чейин эле айтканын билдирди.
"Биз электр энергиясын үнөмдөө менен экономиканы өнүктүрө албайбыз. Мен бул сөздү буга чейин деле айткам. Мурда үнөмдөгөндө ошол эле киловатт, ошол эле мегаватт кеткен. Эч кандай өзгөрүү жок. Андан көрө электр энергияны үнөмдөө үчүн жоготууларды караш керек. Жоготуулар 12 пайыздан 11 пайызга түштү деп айтылды. Бул калп сөз, ишенбейм. Майнингди токтоткон менен пайда таппайт. Суунун көлөмү аз болгону быйыл көп деле зыянга учуратпайт. Эмки жылы суунун көлөмү аз болсо, мындан да кыйын болот", - дейт Рыспаев.
КАРАШЕВ: "Келечекти ойлоп, электр энергиясын үнөмдөөнү киргизишибиз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев быйыл кийинки жылды ойлоо керектигин айтты. "Азыр Токтогул суу сактагычында 17,2 миллиард метр куб суу чогулуп жатат. Быйыл кийинки жылды ойлошубуз керек. Биздин негизги булагыбыз гидроэнергетика болгондон кийин келечекти ойлоп, үнөмдөө киргизишибиз керек. Энергетика тармагынын жетекчилиги, өкмөт дагы ушундай план менен баратат го деген ойдомун. Быйыл 17,2 миллиард метр куб суу жетет. Бирок каалагандай пайдалансак, 1-апрелге келгенде 8 миллиард метр куб суу калып калса, кийинки жыл дагы кургакчыл болсо 17 миллиард метр куб эмес, 14 миллиард метр куб дагы суу чогулбай калышы мүмкүн. Анда кайрадан 2008-жылдын кейпин кийип, тезек чогултуп калабыз. Азыртадан пландаш керек. Ал эми майнинг компаниялар боюнча айтсам, баары мыйзам чегинде болушу керек. 45 майнинг компаниянын ар бирин териштирип чыгыш керек", - дейт Карашев.
УМБЕТАЛИЕВ: "Электр энергиясын чектөө жана үнөмдөө маселелери коюлуп жатат. Бул туура эмес"
Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 10-12 пайызга гана аз болуп жатат.
"Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров суунун көлөмү аз болуп жатат деп айтышууда. Суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 10-12 пайызга гана аз болууда. Сууну натыйжалуу иштетсек быйылкыдай абал болбойт эле. 19 жарым миллиард метр куб сууну топтосо болот эле. Тилекке каршы Өзбекстанга, Казакстанга сугат иштерине 2 миллиарддан ашык суу коё берилди. Бул экономикалык чыккынчылык. Кышкы мезгилде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү толугу менен жетпейт. Электр энергиясын чектөө жана үнөмдөө маселелери коюлуп жатат. Бул туура эмес. Чектөө киргизилип, ишканаларга, чакан жана чоң бизнеске электр энергиясын керектүү көлөмдө бербесек, бизде эч качан экономика өнүкпөйт", - дейт Расул Умбеталиев.
ИСАКОВ: "Суу тымызын сатылууда деген версияны тыкыр изилдөө керек"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков белгилегендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли былтыр деле аз болчу. "Суу тымызын сатылууда деген версияны тыкыр изилдөө керек. Гидропотенциалыбыздын 9-10 пайызы гана колдонулат. Майнинг чарбаларына электр тогун берүү үчүн колдонулбаган потенциалга инвестиция салып, ошол жерден акырындап салган акчаны чыгарып алуучу шарттар түзүлүүгө тийиш. Бул B.O.T. келишимдери (ред. Build-Operate-Transfer Contract - Куруу-Эксплуатация-Өткөрүп берүү) аркылуу ишке ашса, жөн эле агып кетип жаткан сууга бирөөлөргө инвестиция салдыртып, анын пайдасын белгилүү убакыттан кийин көрө баштайбыз.
Электр энергиясы тармагы өтө коррупциялашкан. Аны иретке келтирбей туруп, экономиканын өнүгүшү тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Электр энергиясы, жол, каржылык каражаттары сыяктуу экономиканын кан тамырларынан болуп эсептелет. Майнинг компанияларын көбөйтүү зарыл. Ал биздин колдонулбаган гидропотенциалды колдонуп, экономиканы өстүрө турган экспорттук элемент. Колдонулуп жаткан 9-10 пайыз менен чектелип, тыюу салбай, 90 пайыз потенциалга басым жасап, кеңири ойлонуу керек", - дейт Исаков.
ҮМӨТАЛИЕВ: "Экономиканын өнүгүшүнө үнөмдөө гана жетишсиз"
Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев үнөмдөө ар дайым пайдалуу нерсе экенин айтты. "Үнөмдөөнү эч убакта четке какпоо зарыл. Өнүгүү үчүн үнөмдөө керек. Экономиканын өнүгүшүнө үнөмдөө гана жетишсиз. Үнөмдөө кошумча болушу шарт. Өзгөчө мамлекеттик чыгашада үнөмдөө пайдалуу нерсе. Өнүгүү ишканалардын саны жана кирешелер көбөйгөндө болот. Чакан жана орто бизнеске шарт жана эркиндик керек", - дейт Үмөталиев.