КҮНСОБОЛ: Азыр өлкөбүздүн карызы 4,7 миллиард доллар. Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деп собол салды.

ЖАПАРОВ: "Тарыхта калышым керек" деген бир адамдын ниетин ишке ашырабыз деп эле альтернативдүү жолду баштап алдык"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун пикиринде, карыз алуунун чегин ИДПга карата 65 пайыз деп белгилесек туура болот.

“Өкмөттүн сунушу менен Бюджет кодексине былтыр 3 өзгөртүү киргизгенбиз. Эми бир жылга айланбай каржы министри ИДПнын 70 пайызына чейин деп чек коюп берүүнү суранып жатат. Менимче, мамлекеттик карыз ИДПнын 65 пайызынан ашпашы керек. Мына быйыл Кытайдын Эксимбанкына эле карызыбыз үчүн 60 миллион доллар төлөдүк. 2019-жылы 80 миллион доллар болот. Ошентип 120 миллион долларга жетет. Бирок алардын акчасына куруп жаткан ЖЭБибиз, альтернативдүү жолубуз бүтө элек.

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети бүгүн атайын жумушчу топ түздү. Ал алынган карыздардын иштетилгенин иликтеп, каржылык абалыбызды анализдейт. Биз буга чейин карызыбыздын 3 миллиард долларын “сомду, бюджетти бекемдөө үчүн” деген шылтоо менен эле ала бергенбиз. 27 жылда өлкөгө 10 миллиард доллар каражат кириптир. Мындан ары өз күчүбүзгө ишенишибиз керек. Кирешеге карата эле чыгаша кылуубуз зарыл.

Энергетикага ушунча ири карызды жок болуп кетпеши үчүн эле алып бердик. ЖЭБге кеткен 386 миллион долларга 3 жаңы жылуулук борборун курсак болмок. Буга чейин бирөөнүн маанайына карап, бийликке келгендерден коркуп эле пайдасы жок жактарга карыздарды ала бергенбиз. Мен техникалык-экономикалык негиздемеси жок болсо жана жооптуу адамдар көрсөтүлбөсө карыз алынбасын деген талап киргиздим. Депутаттар колдошту.

Жол тармагына да 2 миллиард доллар карыз алганбыз. Бишкек-Ош унаа жолун жакшылап карашыбыз керек болчу. "Тарыхта калышым керек" деген бирөөнүн ниетин ишке ашырабыз деп эле альтернативдүү жолду баштап алдык”, - деди ал.

СУРАБАЛДИЕВА: "Мамлекеттик карыздар келечек муундун моюнуна илинет"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева мамлекет үчүн алынган карыздар эмнеге жумшалганын иликтөө керек деген пикирде.

“Албетте, такыр карыз албаш керек дегенден алыс болуубуз зарыл. Азыр ушунча насыя, гранттарды кайсы министрлер алып, арты эмне болду деген суроо жаралып жатат. Элде да ушул багытта суроо көп. Карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга көтөрүү туура эмес.

Буга чейинки карыздар сарамжалдуу пайдаланылганы шек жаратат. Насыя алуу боюнча келишим Жогорку Кеңештен ратификацияланат. Бирок жакшылап документти карасак консультантка төлөнө турган акчалар көп сумманы чапчыйт. Алардын көбү чет өлкөлүк адистер. Бизге сырттан куратор болуп келип алгандай сезилет. 27 жылдан бери өзүбүздөн консультанттар чыккан жок беле?

Депутаттар буга чейин алынган карыз, гранттардын сарпталышын текшерүүнү демилгелеп, комиссия түзөлү деп жатабыз. Ал акчалардан өлкө кандай зыян жана эмне пайда тапты? Айрымдар “гранттар бекер келди да, анын жыйынтыгына эмнеге кызыгып жатасыңар” деп жатышат. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин акчабызды текшерип турушубуз керек. Азиянын кайсы бир мамлекети карызы үчүн бир портун берип кутулду. Бул биз үчүн чоң эскертүү. Мамлекеттик карыз - президентти, депутаттарды ойлонто турган маселе. Мен да кайгырам. Бул карыздар келечек муундун моюнуна илинет. Орусияда 1 миллион жараныбыз иштеп жатат. Жумуш орундарын түзбөсө, анда 27 жылда алынган карыздарды эмнеге жумшашты?” - деди ал.

ЗУЛПУКАРОВ: “Мамлекеттик карыздын чегин ИДПнын 70 пайызынан ашырбоо сунушун колдош керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун пикиринде, мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70 пайыз деп белгилөө туура сунуш.
"Албетте, карызды өстүрбөш керек. Бюджет өзү эле мыйзам да, бюджетти кабыл алып жатканда бүгүнкү өкмөт чекти коюп алганга укугу бар. Мамлекеттик карыздын чегин ИДПнын 70 пайызынан ашырбоо - Бюджет кодексинде көрсөтүлүп жаткан жакшы сунуш. Муну колдош керек. Башка өлкөлөрдү карай турган болсок, айрым өлкөлөрдүн карызы ИДПнын 100-130 пайызын түзгөн учурлар бар. Менимче, чекти коюу туура эле сунуш. Бизде 2014-жылга чейин мындай чек жок болчу", - деди Зулпукаров.
ТОКТОШЕВ: “Азыркы мыйзам боюнча мамлекетке карыз алууда чек жок”
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин пикиринде, мамлекеттик карыздын көлөмүн ИДПга карата 70 пайыздык чек коюу коопсуздук үчүн пайдалуу.
“Азыркы мыйзам боюнча мамлекетке карыз алууда чек жок. Учурда ИДПга карата биз сырттан алган карыздын көлөмү 59 пайызды түзүп калды. Кыргыз мамлекети өнүгүшү үчүн сырттан акча алууга туура келет. Коом өнүгүп жатат. Жаңы технологиялар келүүдө. Менин оюмча, карыз алууга чек койбосок 80-90 пайызга жеткенге чейин ала беришибиз мүмкүн. Биз мыйзамга өзгөртүү киргизип койсок, андан өкмөт өтө албай калат. Тескерисинче, чек жок болсо, анда мамлекет үчүн коркунуч жаралат”, - деди Токтошев.
САРЫБАЕВ: “Парламент менен өкмөт мамлекеттик карызды саясатка айлантып алды”
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев карыздын көлөмүнүн өсүшүнөн коркпой, ал карызды эмнеге жумшадык, кайсы булактын негизинде кутулабыз деген маселени талкуулаш керек деген ойдо.
“Маселени билип-билбей талкуулаган туура эмес. Себеби азыркы парламент, өкмөт деле бюджет деген эмне, бюджетти кантип бекитет, кантип толуктайт, каякка жумшайт, жетишсиздигин кантип жабат деген көйгөйлөр менен баш оорутуп көргөн эмес. Алар мамлекеттик карызды саясатка айлантып алышты. Билген-билбегени деле мамлекет эгемендигин жоготот турбайбы, тоону, жерди алып коёт турбайбы дегенге чейин барышты. Бул маселени терең түшүнбөгөндүктүн белгиси. 70 пайыз эмес 170 пайызга жеткен өлкөлөр деле бар. Бирок кеп ошол карыз кантип пайда болду, кайда жумшадык, карыздан кайсы булак аркылуу кутулабыз деген маселеде.
Бүгүн чыга калып өкмөттү жакалабай, депутаттар ушул маселелерди бюджетти бекитип жатканда талкуулашы керек болчу. 70 пайыз дегенде эч коркунуч жок, тескерисинче, 70 пайыз көмүскө экономиканы жойсо, ошондон түшө турган салык 70 пайыз карызды толугу менен жоёт. Ал эми көмүскө экономиканын башында турган, казынага салык түшүрбөй отургандар - ошол 120 депутаттын өзү. Ар бир өлкөнүн тышкы карызын жаба турган жол - ошол ИДП жана анын ичиндеги салык. Эгерде ошол депутаттар экономиканын өсүшүнө салымын кошуп, өсүү темпти 4 пайыз эмес, 14 пайызга жеткирсе, 4 жылда эле карыздан кутулуп коёбуз”, - деди Сарыбаев.

АТТОКУРОВ: “70 пайыздык чек коюу - популисттик кадам”

Эксперт Азамат Аттокуровдун айтымында, карызга алынган акча каражаттарын кирешелүү тармактарга сарпташ керек.
“Албетте, мамлекеттик карыздын көбөйүшү ар бир өлкөдө бар. Мисалы, эң көп карызы бар мамлекет - АКШ. Алардын карызы ИДПсынын 100 пайызынан ашат. Бизде азыр андай жок. 100 пайызга жакындаганда жергиликтүү валюта өз кунун жоготот, инфляция болот. Сырткы насыя берүүчүлөр каражат бербей калат. Сөзсүз түрдө көз карандылык жаралат. Мисалы, Кытайга карызыбыз көп. Алар биздеги кызыктуу активдерди карызынын ордуна сурашы мүмкүн. Мындай практикада бар.
70 пайыздык чекти коюу - популисттик кадам. Чек койгондо деле каражат жок болсо ала берет. АКШда деле чек бар, бирок андан ашып кеткен. Эң жакшы ыкма алынган каражатты жол курууга жана башка курулушка жумшап жибербей, максаттуу пайдалануу керек. Ишкерликке сарптоо зарыл. Каражат акча таба турган жолдорго жумшалса туура болот. Бизде алынган каражаттын бардыгы кайтпай турган иштерге жумшалууда”, - деди Аттокуров.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан