КҮНСОБОЛ: Жогорку Соттун төрайымы судьялардын кадыр-баркы түшүп кеткенине уяларын айтты. Сот бийлигинин бул абалга жетишине соттук корпус өзү күнөөлүү эмеспи?

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын айтышты. Анда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алып, кээ бир судьялар кадыр-баркты түшүрүп жатканын билдирди. Мындан ал өзү да уяла турганын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Жогорку Соттун төрайымы судьялардын кадыр-баркы түшүп кеткенине уяларын айтты. Сот бийлигинин бул абалга жетишине соттук корпус өзү күнөөлүү эмеспи?" деген собол салды.

БАКИРОВ: "Судьялар көз карандысыз, акыйкат, калыс чечим чыгарганда жоготкон абройлору калыбына келет"

Вице-спикер Мирлан Бакиров судьялар көз карандысыз, акыйкат, калыс чечим чыгарганда жоготкон абройлору калыбына келет деген пикирде.

"Бүгүн сот бийлигине багытталган мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Жогорку Соттун төрайымы тарабынан сот бийлигинин кадыр-баркынын түшүп кеткенине уяларын айтып кетти. Бул албетте, ачык пикир алышуудан жаралган ой-пикир болду деп ойлойм. Депутаттар тарабынан суроолор, сунуштар болду. Эң негизгиси Жогорку Соттун төрайымы депутаттарга маалыматтарды бергени колдоого аларлык нерсе. Ал эми ушундай деңгээлге түшүп кеткенине кээ бир соттор коррупцияга аралашып, туура эмес чечимдерди чыгарып, негизсиз сот чечимдерин создуктуруп жатканы себеп болот. Мына ушулар негиз болгондугу бул чындык. Биздин жалпы жашоочулардын сотко болгон ишеними өтө төмөн. Бизге дагы бул боюнча шайлоочулар кайрылышат. Соттордун бардыгын жаман деп айткандан алысмын, арасында таза, мыйзамга таянып чечим чыгаргандар бар. Реформа кылып, жаңылоого аракеттер болуп жатат. 100 пайыз жаңыланып, оңдолуп кетиптир деп айткандан алысмын. Бул үчүн убакыт, каражат, адамдык сапат керек. Ар дайым кандайдыр бир чечим чыгарардын алдында материалдык же телефон чалууларды күтүп отура бербестен, мыйзамдын нормасына таянып көз карандысыз, акыйкат, калыс чечим чыгаруу зарыл. Ошондо соттордун жоготкон абройлору калыбына келет деген үмүттөмүн", - дейт Мирлан Бакиров.

АБДЫЛДАЕВ: "Бир бийликтин бутагына болгон сын-пикир бүт бийликке тиет"

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев бир бийликтин бутагына болгон сын-пикир бүт бийликке тие турганын айтты.

"Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңеште "бүгүнкү абалга силер баарыңар күнөөлүүсүңөр" деп айтты. Акыркы убакта президент мындай катуу сын айта элек болчу. Менин оюмча, бул туура сын-пикир. Анткени чын эле өздөрү реформаны аягына чейин жакшы бүтүрсө, балким, мынчалык көп сын-пикирди баарыбыз тең укпайт элек. Бир бийликтин бутагына болгон сын-пикир бүт бийликке тиет. Бул жерде чындап келгенде бүт бийлик бутактарынын күнөөсү бар. Бирок аткаруу бийлигинин адамдары күнөөнү моюнуна алышы керек", - дейт Абдылдаев.

ТИЛЛАЕВ: "Соттордун туура эмес чыгарган чечимдеринен улам кадыр-баркы түшүп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев соттордун туура эмес чыгарган чечимдеринен кадыр-баркы түшүп жатканын айтты.

"Соттордун кадыр-баркынын түшүп кетишине өздөрү күнөөлүү. Себеби ошол үч инстанциянын чыгарган чечимдери бири-бирине карама-каршы келет. Алар ар кандай туура эмес чечимдерди чыгарышат. Ошонун негизинде акыркы күндөгү эле маселелер Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысынын бошотулушу, андан башка дагы толтура иштер бар. Негизи эле сот системине элибиздин ишенбегенине өздөрү күнөөлүү. Бул нерсени президент дагы Коопсуздук кеңештин жыйынында ачык-анык айтып кетти. Соттор өздөрүнүн туура эмес чыгарган чечимдеринен улам кадыр-баркы түшүп жатат", - дейт Тиллаев.

ОРМОНОВ: "Соттордун аброю түшүп кеткенине өздөрү күнөөлүү"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов судьялардын кадыр-баркынын түшүп жатканына өздөрү күнөөлүү экенин айтты.

"Мен бүгүн парламент жыйынында Жогорку Соттун төрайымына суроо бердим. “Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 5-берененин 2-бөлүгүндө жазылгандай, сот болгон адамдар ишкерлик жүргүзүүгө тыюу салынган. Жогорку Соттун төрайымына ишкер айым өзүнүн иши боюнча сот болгондон кийин ишеним кагаз бере алабы десем боло берет деп жооп берди. Ишкер болуп жүргөндөр өздөрүнүн иштерин коргоп жүрүшсө болбойт да. Жогорку Соттун төрайымы ошолорду токтотуунун ордуна аброю түшүп кеткенине уялып жатыптыр", - дейт Ормонов.

КАРАШЕВ: "Сот реформасы ойдогудай натыйжаны бербей жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев сот реформасы ойдогудай жүрбөй жатканына токтолду.

"Сот реформасын көп жылдан бери жүргүзүп келе жатабыз. Тилекке каршы, реформа ойдогудай натыйжаны берген жок. Сот бийлигине элдин ишеними болуш керек. Алар көз карандысыз болушу шарт. Жогорку Соттун төрайымы ачык айтып, көйгөйлөр бар экенин моюнуна алды. Эл тарабынан сотко болгон көп сын-пикирлер, нааразычылыктар бар. Сот акыйкат, мыйзамдуу чечим чыгарышы зарыл", - дейт Карашев.

СООРОНКУЛОВА: "Судьялардын кадыр-баркы түшүп кеткенине өздөрү күнөөлүү"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот системине татыктуу адамдар келиши керектигин айтты.

"Судьялардын кадыр-баркынын түшүп кетишине өздөрү күнөөлүү. Анткени сот системинде кадр саясаты туура эмес болуп жатат. Сотторду тандоо процедурасы абдан начар, сот болом деген адамдарга коюлган талаптардын бардыгы маанисиз. Ошондуктан сот системине татыктуу адамдар келбей жатат. Татыктуу адамдар өтө аз", - дейт Сооронкулова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан