Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.
Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.
ТУРСУНБЕКОВ: “Ар кандай өйдө-ылдый маселелер, териштирүүлөр адилеттүүлүк, акыйкаттуулук менен чечилип каралса маселе курчубайт”
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Кыргыз мамлекетине тынчтык, ынтымак керектигин айтты.
“Ынтымак, туруктуу кырдаал гана экономиканы оңдойт. Ошондуктан бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык саясий күчтөр, мамлекеттик кызматкерлер болобу бардыгы ынтымактын үстүнөн иштеш керек деген тилегим бар. Ал эми ар кандай өйдө-ылдый маселелер, териштирүүлөр бар. Алардын бардыгы тең адилеттүүлүк, акыйкаттуулук менен чечилип каралса, маселе курчубайт”, - дейт Турсунбеков.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Буюртма менен кылмыш иштеринин козголушу, соттолгондордун тагдыры чечилбегени саясий кырдаалды курчутууга себеп болуп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жаткандыгы саясий кырдаалдын курчушуна негиз болуп жатат деген пикирин айтты.
"Саясий абал жана саясий күрөш абдан курч болуп турат. Бүгүнкү күндө өкмөттүн ишмердүүлүгү, экономикалык абал серепчилердин айтымына караганда алдыга жылбай бир орунда турат. Инвестициялар азайып, инвестициялык кызыктыруу төмөндөп калды. Экономикалык абал өкмөттүн аброюна, туруктуулугуна шек келтирет. Анткени өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү коомчулуктун кызыкчылыгына жооп бербей жатат. Эл ишеним артпаган министрликтердин жетекчилери бар. Биз агрардык өлкө болуп саналабыз. Дыйкан чарбасында эмгектенген жарандарыбыз бар. Өндүргөн продукциялардын сатылышы боюнча көйгөйлөр болууда. Ысык-Көлдү, Чүйдү, Ноокатты алсак сарымсак, картошканын баасы арзандап кетти. Буга байланыштуу элдин акчасы, жей турган тамагы азайды. Өкмөттүн башкы максаты өндүрүлгөн товарды сатуу, башка мамлекеттердин рынокторуна жеткирүү. Бул боюнча өкмөттүн кээ бир органдары чабал иштегени үчүн товарлар чек арадан өтпөй калып жатат. Андан тышкары көп жылдан бери чечилбей жаткан нерселер саясий абалды курчутууга негиз болууда. Буюртма менен кылмыш иштеринин козголушу, соттолгондордун тагдыры чечилбегени саясий кырдаалды курчутууга себеп болуп жатат", - деди Жээнчороев.
ЖЭЭНБЕКОВ: “Өлкөдө реформанын жоктугу, экономиканын артка кетип жаткандыгы саясий абалды бир топ курчутту”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, жакынкы убакта бийлик өкмөттү кетирүүгө же жаңы шайлоо жарыялоого мажбур болуп, мамлекетти курч абалдан чыгарууга аракет кылат.
"Өлкөдө реформанын жоктугу, экономиканын артка кетип жаткандыгы саясий абалды бир топ курчутуп койду. Шайлоого бир жарым жыл калганда мындай активдүүлүк чоң кабатырлыкты жаратат. Шайлоо маалында адатта ушундай курч абал болот. Азыр болсо бардык баш көтөрүп сүйлөбөй бекинип отурган саясатчылар чыгып, активдүүлүктү көрсөтүп жатканы, бул азыркы күндөгү абалдын бир топ жеткиликтүү деңгээлде оор экенин түшүндүрөт. Бирок мен революциялык абал бар деп айта албайм. Жалпысынан абал курч, татаал, бийлик шайлоону кандай өткөрөт белгисиз. Эмнеси болгон күндө да кандайдыр бир деңгээлде коркунучка бара жатканыбыз көрүнүп турат. Жакынкы убакта бийлик өкмөттү кетирүүгө же жаңы шайлоо жарыялоого мажбур болот дагы, мамлекеттеги курч абалдан ошол менен чыкканга аракет кылат”, - дейт Жээнбеков.
МИСКЕНБАЕВ: “Социалдык чыңалуу күндөн-күнгө күчөп бара жатат”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевдин пикиринде, саясий абал өтө оор.
“Элде социалдык чыңалуу күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Саясий абал өтө оор. Президенттен, парламенттен, өкмөттөн элдин үмүтү жок болуп жатат. Калкты ынтымакка, биримдикке чакыргандын ордуна бөлүп-жарып жатышат. Элдин нааразычылыгы күч, кооптонууга негиз бар. Бийлик өзү ушуга алып барып жатат”, - дейт Мискенбаев.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Кооптонууга негиз жок"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин көз карашында азыркы күндө элди көтөрүп чыга турган эч ким жок.
“Биринчиден, кооптонууга негиз жок. Экинчиден, бизде саясий абал бир топ турукташып калды. Менин көз карашымда, азыркы күндө элди көтөрүп чыга турган эч ким жок. Болгону бийлик жакшы иштеш керек”,- дейт Чолпонбаев.
АЙТИКЕЕВ: "Бардык тармактарда реформа жүрүп, оппоненттер куугунтукталбаса бүгүнкүдөй коркунуч түзүлбөйт"
Журналист Мирбек Айтикеев саясий кырдаалдын чыңалышын бийлик өзү жаратат деген пикирин айтты.
"Өлкөдөгү саясий кырдаалдын чыңалып жатышына бийлик тарап оппозиция күнөөлүү деп айтып келет. Бирок ошондой кырдаалды оппозиция эмес, бийлик өзү жаратат. Бардык тармактарда реформа жүрүп, ачык-айкындуулук болуп, элдин талаптары, көпчүлүктүн мүдөөлөрү ишке ашып, оппоненттер куугунтукталбаса, караланбаса бүгүнкүдөй коркунуч түзүлбөйт. Экинчи жагынан саясатта оппоненттердин ортосунда ушундай кырдаал түзүлүп, бири-бирине кандайдыр бир идея үчүн карама-каршылыктардын болуп турганы жакшы. Коомдогу көмүскө маселелер ачыкка чыгышы үчүн бул жакшы нерсе. Мындан коркпой эле коюш керек", - деди Айтикеев.
ТУРДУКУЛОВ: “Өлкөдө саясий кырдаал чыңалууда. Ага бир нече себептер бар”
Жарандык активист Адил Турдукулов өлкөдө саясий кырдаал чыңалып турганын, кооптонууга негиз бар экенин белгиледи.
“Өлкөдөгү саясий кырдаал чыңалып турат. Тараптардын тирешүүсү бар. Буга экономикалык каатчылыктын каптап келе жатканы да себеп болууда. Ошол эле Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдын, аткезчилик маселелеринин жоюлбай, чечилбей жатканы каатчылыкка бир мисал болот. Экинчиден, Баткенге чектеш өлкө менен делимитация, демаркация иштери жасалбагандыгы аткезчиликтин өсүшүнө алып келип, экономиканын өсүшүнө, өлкөнүн коопсуздугуна кедергисин тийгизип жатат. Буга кошумча Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башка саясатчылардын абактан чыга албай жаткандыгы саясий чыңалууну күчөтүүдө. Мындан тышкары Өмүрбек Бабанов, Мелис Мырзакматов өңдүү талабы күчтүү, салмактуу саясатчылардын өлкөгө келүүгө мүмкүнчүлүк ала албай жаткандыгы, аларга карата кылмыш иштердин дагы деле ачык болгону саясий кырдаалдын чыңалышына түртүп жатат. Мунун баарын эске алып, кооптонууга негиз бар деп ойлойм”, - деди Турдукулов.