Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылган. Отунбаева иш-чарага катышты, ал эми Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катышпай турганын КСДПнын катчылыгы билдирген. SUPER.KG порталы "Экс-президент Атамбаевдин майрамдык мааракеге катышпаганын кандай кабыл алдыңыз?" деген собол салды.
НЫШАНОВ: "Экс-президенттер, белгилүү аксакалдар чоң мааракелерге катышып койсо жакшы болмок"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов экс-президенттер, белгилүү аксакалдар ушундай мааракеге келип катышып койсо жакшы болмок деген оюн айтты.
"Атамбаев ден соолугуна байланыштуу Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге катыша албайт" деген маалымат чыкты. Ошондой маалымат чыгып жатса, ал ден соолугуна байланыштуу эле келген жок деп ишенишибиз керек. Ден соолугу жакшы эмес болсо катыша албайт да. Оорубаса, анда катышып койсо жакшы болмок. Экс-президенттер, белгилүү аксакалдар чоң мааракелерге катышып коюшса туура болот эле. Алардын иш-чарага катышканы Кыргыз мамлекетинин ынтымагына, өсүшүнө жакшы үлгү болот", - деди Нышанов.
МАДУМАРОВ: "Атамбаев эле эмес, чакырылгандардын көбү барган жок"
Саясатчы Адахан Мадумаров Атамбаевдин эмне себептен келбей койгонуна кызыкпай турганын айтты.
"Бүгүнкү иш-чарага Атамбаев эле эмес, чакырылгандардын көбү барган жок. Алардын ичинде мен дагы бармын. Атамбаевдин эмне себептен келбей койгону тууралуу менин ишим жок. Муну 25 жыл дос болуп жүргөндөрдүн өздөрүнөн сурагыла. Алар бири-бирин жакшы билишет. Ал эми чакырылган жерге келбегендердин эки себеби бар. Биринчиси - бүгүнкү бийликке карата ишенимдин жоктугу, экинчиси - эгемендүүлүктү адам көкүрөгү менен кабыл албагандык. Бул күндү майрам катары эсептебегендик же бул күндүн кадыр-баркынын жоктугу. Бүгүнкү кыргыз азаматтары үчүн эки гана чоң майрам бар. Ал Орозо айт жана Курман айт майрамдары. Калгандары кызыл сыя менен жазып алган жөн гана күндөр. Тарыхый жактан эгемендүүлүк катары кабыл алынган күнүбүздү тарыхый баалуулук катары карашыбыз керек. Ушул майрамга милдеттүү түрдө келишиң керек деп эч ким мажбурлай албайт. Мисалы, Айт намазына 100 миңдеген адам барат. Аларды эч ким мажбурлабайт. Анткени ар бир адам ал күндү өзүнүн жүрөгү менен кабыл алып, өз каалоосу менен барат", - деди Мадумаров.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Атамбаевдин мүнөзү күчтүү, оңою менен сынбаган адам"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чарага келбегени туура эле деген пикирде.
"Себеби Атамбаевдин жакын адамдарынын бардыгы түрмөдө отурса, өмүрүн арнаган иши талкаланса, саясаттагы жеткен ийгиликтеринин бардыгы жокко чыгып жатса, ал Эгемендүүлүк күнүнө келе албайт да. Келе турган болсо, анда азыркы бардык жасалып жаткан иштердин туура экенин, ал өзү туура эмес кылганын моюнуна алган болуп калат. Мааракеге келбегени түшүнүктүү эле нерсе. Атамбаевдин мүнөзү бир топ күчтүү. Ал оңою менен сынбаган, бат эле жеңилип бербеген адам", - деди Жээнбеков.
КАПТАГАЕВ: "Атамбаев аянтка келсе жаман абалга кабылмак"
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин айтымында, Алмазбек Атамбаев мындай абалды өзү жаратып алды.
"Мамлекеттик жана ушуга окшогон жалпы саясий мааниси бар иш-чараларда "бул мага жагат, жакпайт" деген болбош керек. Ал күнү чакырыла турган адамдардын тизмеси протокол менен бекитилиши керек. Протоколдогу адамдар бүт чакырылышы зарыл, чакырылгандарга чакыруу жагабы же жакпайбы алардын келүүсү шарт. Чакырылган адамдын келиши жеке бирөөнү сыйлаганы эмес, мамлекетти, мамлекеттүүлүктү, эгемендикти сыйлаганы болуп эсептелет. Бирөөгө таарынуунун бул жерде эч кандай мааниси жок.
Ал эми Алмазбек Атамбаев жаккандарды чакырып, жакпагандарды чакырбай, элди бөлүп жарып бул нерсени өзү баштап алды да. Бүгүнкү президент мамлекетти түптөөгө салым кошкондордун баарын чакырып, чоң кадам, жакшы иш жасады. Атамбаев өзүн-өзү ошондой шартка коюп алды, келсе да жаман абалга кабылмак, келбей койсо андан да жаман абалда калмак. Бул эми өзүнүн эле буга чейинки айткан сөзү, кылган ишинин кесепети болуп жатат", - деди Каптагаев.
КЫЛЫЧОВ: "Атамбаевдин бел омурткасы ооруганы үчүн дарыгерлер ага баспоону сунушташкан"
Жарандык активист Алга Кылычов Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чарага катышпаганынан саясат издөөнүн кереги жок экенин белгиледи.
"КСДПнын расмий билдирүүсүндө айтылгандай, Атамбаев ден соолугуна байланыштуу иш-чарага катыша алган жок. Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамды үй-бүлөсү менен тосот. Дарыгерлер Атамбаевдин бел омурткасынын ооруганына тынчсызданып, ага баспоону сунуш кылышкан. Анын сакайып кетишин тилейбиз. Ар ким өз деңгээлине жараша "Атамбаев мааракеге башка себептерден улам келбей калды" деп ар кандай пикирлерди айтып жатышат. Айрымдар, тилекке каршы, көзү ачыктык кылганды абдан жакшы өздөштүрүп алышты. Бул жерде саясат издөөнүн деле кереги жок", - деди Кылычов.
ИБРАИМОВ: "Атамбаевдин эл чогулган жерге келүүгө моралдык укугу жок"
Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов өлкөнүн эгемендүүлүгүнө арналган иш-чарага Атамбаев эмне себептен келбегендигин айтып берди.
"Алмазбек Атамбаевдин эгемендүүлүккө кошкон бир дагы салымы жок. Ал коңшу өлкөлөр менен мамилени бузуп отурса, кайсы бети менен келет? Анын айдоочусу жана жанында жүргөн адамдары мамлекетти бүт тоношту. Эгер ал өлкөнү 6 жыл туура башкарган болсо, анда мындай жерлерге келсе болмок. Азыр анын эл чогулган жерге келүүгө, элдин бетин кароого моралдык укугу жок. Жыл сайын белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараны өткөрүүнү мен 14 жыл бою уюштуруп келгем. Бирок Сооронбай Жээнбеков бул майрамга мени чакырып коюуга жараган жок. Кызматта отурган кезде саясатчылардын ортосунда ар кандай окуялар, пикир келишпестиктер болот. Ал эми мамлекеттик маанилүү салтанаттарга бардык саясатчылар, коомдук ишмерлер чакырылышы керек. Керек болсо качып жүргөн президенттер да чакырылуусу зарыл. Башка өлкөлөрдө саясий көз караштары бири-бирине каршы келген мурунку жана кийинки президенттер мындай чоң салтанаттарда чогуу отурушат", - деди Ибраимов.