КҮНСОБОЛ: Президент парламентке өтүү үчүн босоголук чек тууралуу өз позициясын айтты. Босоголук чек 7 пайызга кайтарылса өлкө үчүн пайдасы көп болобу же залалыбы?

Кечээ, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан. Анда ал сөз сүйлөп жатып, партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өтүү үчүн босоголук чек боюнча 9 пайызга саясий күчтөр даяр эмес, 5 жана 3 пайыз дегендер болсо өз камын ойлоп жаткандар деди. Босоголук чек 7 пайызга кайтарылса өлкө үчүн пайдасы көп болобу же залалыбы?" деген собол салды.

МАМАСАЛИЕВ: "7 пайыз босого чеги бул шайлоого даярданган партиялар үчүн компромисстик чечим болот"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев 7 пайыз босого чеги бул шайлоого даярданган партиялар үчүн компромисстик чечим болот деген пикирде.

"Менин оюмча, президент Сооронбай Жээнбеков коомдогу бир топ белгилүү саясатчылардын жана жарандык лидерлердин ушул маселе боюнча көз караштарын эске алып, өзүнүн реакциясын элге билдирди. Бул туура кадам болду, себеби мамлекеттик лидер катары президент ушундай маанилүү маселе боюнча өзүнүн позициясын элге айтышы керек. Мен ойлойм бул депутаттардын чечимине сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Андан тышкары 7 пайыз босого чеги бул шайлоого даярданган партиялар үчүн компромисстик чечим болот десем жаңылышпайм", - дейт Мамасалиев.

ШЫКМАМАТОВ: "Жогорку Кеңешке өтүү үчүн босоголук чек 7 пайыз болгону туура"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов босоголук чек 7 пайыз болгону туура деген оюн айтты.

"Тарыхты карасак, Жогорку Кеңештин эки чакырылышы 7 пайыз менен парламентке келишкен. Босого чеги 7 пайыз болсо, 5-6 фракция Жогорку Кеңешке келет. Ошондо парламентте тең салмактуулук болот. 9 пайыз болсо 3 партия келип бардыгын монополия кылып, көпчүлүк шайлоочулардын өкүлдөрү сыртта калат. 30 пайыз эле шайлоочунун өкүлдөрү парламентке келип, 70 пайыз шайлоочунун өкүлдөрү сыртта калып калат. Анан коомдо кандайдыр бир стабилдүүлүк болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан азыркы этапта босого чегин 7 пайыз кылганыбыз туура. Эмне үчүн 3 же 5 пайыз кылганга болбойт? Анткени премьер-министр азыр туруктуу эмес, Конституция боюнча премьер-министрди коалиция кааласа жумуштан алып салат. Эгерде премьер-министрдин туруктуулугун камсыз кылган Конституцияда рычагдар болсо босоголук чекти 5 же 3 пайызга түшүрсө болот болчу", - дейт Шыкмаматов.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Парламентте ар түрдүү көз караштагы партиялар болушу керек"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев парламентте ар түрдүү көз караштагы партиялардын болушу керектигин айтты.

"Босоголук чек 7 пайыз болсо пайдасы көп болот. 7 пайыз эмес, 5 же 3 пайызга түшсө жакшы болмок. Босого чеги 9 пайыз болсо, парламентке 2-3 партия келет. Анда 2-3 партиянын монополиясы болуп калат. Калган элдин добушу эмне болот? Жогорку Кеңеште ар түрдүү көз караштагы партиялардын болушу көчөдө кармаштардын болушуна жол бербейт. Бул өтө маанилүү", - дейт Чолпонбаев.

КАЧКЫНБАЕВ: "Парламентке өтүү босоголук чеги 7 пайыз болсо ысырап болгон добуштардын санын азайтат"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев босоголук чек 5 пайыз болсо жакшы болмок деген пикирде.

"Парламентке өтүү үчүн босоголук чектин 7 пайыз болгону 9 пайызга караганда жакшы. Жоктон жогору болот. Ысырап болгон добуштардын санын, аргасыз партиялардын биригүүсүн азайтат. Негизи босоголук чек 5 пайыз болсо жакшы болмок", - дейт Сейтек Качкынбаев.

ОСМОНАЛИЕВ: "Көп нерсени преференциялык шайлоо чечет"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев көп нерсени преференциялык шайлоо чече турганын белгиледи.

"Президенттин Жогорку Кеңеш аркылуу элге кайрылып турганы абдан жакшы жөрөлгө. 9 пайыздык босого чеги тууралуу жакшы айтты. Ал 9 пайыздык босого чегине "даяр эмеспиз, бир топ убакыт керек" деп айтты. Анын бул сөзүн толугу менен кошулам. Бирок 3-5-7 пайыз деп айткан болбойт. Мындай сандарды президент айтпаш керек. Себеби бул маселе анын компетенциясына кирбейт. Мынча пайыз деп айтканы чекилик болуп калды. Себеби Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин оозун карап отурушат. Эми 7 пайыз кылып коюшат. Ал босого чегин төмөндөтүү керек деп айтышы шарт эле. Пайыздар деле эч нерсени чечпейт. Ал преференциялык шайлоо тууралуу айтышы керек болчу. Көп нерсени преференциялык шайлоо чечет", - дейт Осмоналиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан