Өткөн айда Кыргыз Республикасынын Түштүк Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштерди ачыкка чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын курган. Элчи сөзүн баштап жатып, бул маалыматтар боюнча буга чейин Тышкы иштер министрлигине, УКМКга жана президенттик аппаратка бир нече ирет кайрылып, тийиштүү реакция болбогондуктан өлкө башчысына түз жеткирүү максатында төртүнчү бийликке кайрылганын билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ТИМ жашырса, УКМК иликтеп аягына чыгарбай койсо, президент көңүл бурбаган соң мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялаган туурабы?" деген собол салды.
КАРАМУШКИНА: "Бизде ар бир жарандын моюнуна мамлекеттик кылмышты илип койсо болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина эгер президент тергөө менен соттордун системин бузса, бул органдар анын көзөмөлүнөн чыгып кетерин айтты.
"Тергөө иши УКМК деген консервативдүү органга берилгени жаман болду. Көптөгөн жарандар бул органды жазалоочу мекеме катары баалашат. УКМК "Улуттук коопсуздук жөнүндө" жана башка тиешелүү мыйзамдар бар экенине карабай ар бир президентке баш ийип келет. Жогорудагы мыйзамдарга ылайык, УКМК Жогорку Кеңештин да көзөмөлүнө кирет.
Мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар кесипкөй тергөөчүлөр тарабынан сапаттуу тергелиши керек. Же болбосо бизде ар бир жарандын моюнуна айрыкча саясий себеп менен мамлекеттик кылмышты илип койсо болот. Президент мамлекеттик кылмыштар боюнча жарыялоолорго көңүл буруп жатса керек, бирок тергөө менен соттордун системин бузууга анын саясий эрки барбы деген суроо жаралат, анткени бул органдар анын көзөмөлүнөн чыгып кетишет. Баары мыйзамга ылайык жана принципиалдуу болушу керек", - деди Карамушкина.
КАРАСАРТОВА: "Маалыматты элге жарыялоо - бул акыркы, айла кеткенде колдоно турган ыкма"
Укук коргоочу Рита Карасартова мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялоону туура деп эсептейт.
“Маалыматты элге жарыялаган эң акыркы ыкма болуп эсептелет. Эч ким анын кайрылуусун карабай, үнүн укпай койган учурда миңдеген кишилер бул ыкманы колдонот. Тийиштүү органдар реакция жасабаса, айла жок маалымат каражаттарына жарыялашат. Биз дагы, укук коргоочулар бул ыкманы колдонобуз. Унчукпай коё турган болсок, кээ бир учурларда таптакыр иш башка жакка бурмаланып калат. Адилеттүүлүк болсун, иш аягына чейин чыксын деп коомчулукка маалыматты жарыялоо туура. Ошондо гана укук коргоо органдары бул иш элдин оозуна алынып калды деп реакция жасай баштайт”, - дейт Карасартова.
ӨМҮРАЛИЕВА: “Тийиштүү органдар тарабынан иликтенип аягына чыкпай калган иштер көп”
Укук коргоочу Калича Өмүралиеванын пикиринде, коомчулук мамлекеттик кылмыштар тууралуу билиши зарыл.
“Аягына чыкпай калган иштер, кыскарган иштер көп. Айрым иштер толук иликтенип аягына чыгат, айрымдары чыкпайт. Коомчулукка мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты айткан туура, анткени эл билиши зарыл, кийин кайра жообун эл тийиштүү жерлерден сурашы керек.
Мен жеке Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлиги боюнча эмне маалымат айтканын билбейм. Бирок ал мамлекеттик кызматты ээлеп турган учурда маалыматтарды жарыялаганы болбойт. Мамлекеттик кызматкер такыр эч нерсе айтпашы керек деген да туура эмес. Мыйзам бузуу болуп жатса, сөзсүз айтышы шарт. Айтканда мыйзамдуу жолдор менен айтуу туура, Башкы прокуратурага кайрылыш керек, мыйзамда көрсөтүлгөн жолдор бар да. Болбосо кызматынан кеткен соң коомчулукка жарыялап айтып чыкса болот. Мыйзамсыз нерселерди таап айтып, коомго жеткирүүчү бул журналисттер болуп эсептелет”, - деди Өмүралиева.
ШЕСТАКОВ: "Бизде чиновник чуулуу жарыя кылса, ал кайсы фракциянын квотасы менен кызматка дайындалганын карашат"
Саясий серепчи Игорь Шестаков мамлекеттик мекемелердин ичиндеги жаңжалдарда саясий боёк бар деген пикирде.
"Бизде аткаруу бийлигинин органдарын парламенттик фракциялар түзгөндүктөн, көйгөйдүн баары ушундан улам чыгууда. Фракциялардын ортосунда ар дайым саясий күрөш болуп турат эмеспи. Эгер кайсы бир чиновник чуу салган жарыя кылса, ал кайсы фракциянын квотасы менен кызматка дайындалганын карашат. Ошондуктан мекеменин ичинде болуп жаткан тирештер саясий күрөш деп бааланат. Мисалы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чыр жетекчилердин ортосундагы пикир келишпестик эмес, мекемеде топтолгон саясий партиялардын тиреши болду.
Жалпылап айтканда, бул окуя өкмөттү партиялык түзүүнүн алгачкы сабактары. Мындай нерселер дагы уланат, анткени министр бир партиядан болот, орун басары башка партиядан болот. Бир жагынан караганда партиялардын ортосундагы күрөш мекеменин пайдалуу иштешине жол тосот. Экинчи жагынан караганда, биз эми ушундай көрүнүштө жашайбыз. Бул сыяктуу окуялар дагы көп болот. Биз парламенттик мамлекет болгондон кийин ушул парламенттик механизмдер бир гана шайлоолордо эмес, аткаруу бийлигинин органдарында да иштейт. Ошондуктан биз буга көнүшүбүз керек", - деди Шестаков.
ЖУРАЕВ: “Коопсуздук кеңешинин чечимдерин коомчулук "жетиштүү" деп кабыл албашы керек”
Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикиринде, Тышкы иштер министрлигине тиешелүү айтылып жаткан сындар жетекчилиги тарабынан тастыкталып же төгүндөлүшү керек эле.
"Учурда ТИМде түзүлгөн абал сырттан караган адамга кайсы бир мыйзамсыз көрүнүштөр бир топ жылдан бери чогулуп калгандай сезилүүдө. Кыргыз өлкөсүндөгү негизги көйгөй коррупция болгон соң, акыркы окуя аталган министрликте да ошол эле көрүнүштөр болуп жаткандыгын көрсөттү. Эми ошол көйгөй менен кантип күрөшүү керек деген негизги маселе турат. Деги эле ТИМ гана эмес, бардык министрликтер өз ичиндеги мыйзам бузууларды аныкташы керек.
Менин пикиримде, ар бир жетекчи ошол ачыкка чыгып жаткан маселелер боюнча учурунда түшүндүрмө берип, кандайдыр бир чечим чыгарышы керек. ТИМдеги маселелерди айтып чыккан мурдагы элчи Кылычбек Султандын сөздөрү жетекчилик тарабынан иликтенип, мыйзам бузуулардын чын-төгүнүн, ал иштерге ким катышканы тастыкталып же төгүндөлүшү керек эле. Эгер ТИМ аны ачыктай албаса, анда тиешелүү органдар өз көзөмөлүнө алса болмок. Бирок ал иштер Коопсуздук кеңеши тарабынан иликтенип чыгып, корутунду берилди.
Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек: Коопсуздук кеңеши - бул тергөөчү орган эмес, соттук орган дагы эмес. Алардын кайсы бир мыйзамсыз иштерге корутунду берүүгө ыйгарым укуктары, мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт. Коопсуздук кеңешинин чечимдерин коомчулук "жетиштүү" деп кабыл албашы керек. Бирок муну биз кайсы бир коомдогу маселелерге бийликтин жообу деп түшүнсөк болот. Эгер туура, так иликтөө жүргүзүү керек болсо, анда аны башка тийиштүү органдарга берүү керек. Дагы бир эске ала турган жагдай, кээ бир маселелер президенттин деңгээлинде чечиле турган маселелер эмес. Анда тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин жоопкерчилиги так аткарылышы керек”, - деди Жураев.
ДҮЙШӨБАЕВ: “Акыркы 6-7 жылдан бери мамлекеттик жетекчилердин жеке жоопкерчилиги аябай эле начарлап кетти”
УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Башкы прокуратура ТИМге тиешелүү маселелердин тыкыр иликтенбеген учурларына көңүл бурушу керек.
“Ал маселелердин баары эле ММКларга чыгып жатат. Бул туура жана демократиянын белгиси. Жарыяланып жаткан маалыматтар боюнча укуктук баа берилиши үчүн Коопсуздук кеңешине жана Башкы прокуратурга жиберилди деп айтып жатышат. Эми ошол тийиштүү органдардын укуктук баасын күтүү керек. Азырынча ТИМдин айланасындагы маселелелер тыкыр иликтендиби же жокпу, муну айтуу эрте. Башкы прокуратура айтылып жаткан фактыларга эле эмес, эмне үчүн текшерүү жүргүзүлбөй, тыкыр иликтенбеген учурларга да көңүл бурушу керек.
Учурда мыйзамсыз көрүнүштөр бир эле ТИМде эмес, башка министрликтерде дагы чыгып жатат. Ошон үчүн айрым мекемелерде эмес, жалпы эле башкаруу системине көңүл буруу керек. Анткени акыркы 6-7 жылдан бери мамлекеттик жетекчилердин жеке жоопкерчилиги аябай эле начарлап кетти. Бул маселелерди жөнгө салуу үчүн комплекстүү иштер жасалууга тийиш”, - деди Дүйшөбаев.