Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти Жогорку Сот 23-апрелде саат 16:30да карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталы "Адилет" укуктук клиникасына кайрылганда маалымдалды.
Белгилүү болгондой, "Ата Мекен" партиясынын лидеринин иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралат.
Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан. Андан кийин Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча документтер келип түшкөнү маалым болгон.
23-апрелде Жогорку Соттун имаратынын жанында абакта жаткан саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдун иши акыйкат иликтенишин талап кылган тынчтык митинги өтөрү маалымдалган. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бул митингге 6 миңге жакын киши катыша турганын SUPER.KG'ге кабарлаган.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.