Жогорку Сот: "Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча өтүнүч Биринчи Май райондук сотуна келип түштү"

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүч сотко келип түштү. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 18-февралда Жогорку Соттун маалымат кызматына байланышканыбызда билдиришти.

Маалыматка ылайык, Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү 13-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөн.

"Азырынча райондук сот материалдарды Жогорку Сотко жөнөтө элек" деди маалымат кызматы.

Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберишкенин кабарлашкан.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан