Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.
Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген собол салды.
КАРАМУШКИНА: “КСДПга карата жүрүп жаткан мыйзамсыздык эртең башка партияларга карата иштеши ыктымал”
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айтымында, депутаттар мыйзамсыз аракеттер боюнча үн катпай отурушат.
"Жарандар “бул жаңжал Алмазбек Атамбаевге жана КСДПга гана тиешелүү, мага тиешеси жок” деп ойлобош керек. Бардыгы ушундай майда нерседен башталат. Эгер бийлик мыйзам бузса, кийин муну токтотуу мүмкүн эмес болот. Ар бир жаран мындан жабыркашы мүмкүн. Азыр бир дагы депутат Юстиция министрлигинин мыйзамсыз аракети боюнча “бул КСДПнын иши, мага тиешеси жок” деген ой менен үн катпай отурат. Бирок бул мыйзамсыздык эртең өзүнө карата иштеши ыктымал. Эгер мыйзамдар бузулуп жатса, кантип президенттик аппаратка, Юстиция министрлигине ишенсе болот? Атаандаштарыбыз биз менен укуктук айдыңда күрөшүүдө коркуп, мыйзам бузууга барып жатышат”, - деди Карамушкина.
ТУРСУНБЕКОВ: "Рейдерликти жаңы деңгээлге көтөргөн ким? Сагынбек Абдрахманов таланттуу жигит экен"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков бул маселе боюнча бир эле нерсе айта ала турганын билдирди.
"Сагынбек Абдрахманов аябай таланттуу жигит экен деп айтат элем. Бир нерсе жасаш жагынан Абдрахманов абдан жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Башка эч нерсе айта албайм. Рейдерликти жаңы деңгээлге көтөргөн ким? Абдрахманов болуп жатат. Демек, ал талантуу жигит экен", - дейт Турсунбеков.
ЗУЛПУКАРОВ: "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерлик экенин сот айтышы керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров нааразы болгон тарап сотко кайрылышы керектигин айтты.
"КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерлик, баскынчылык деп сот айтышы керек. Нааразы болгон тарап укук коргоо органдарына кайрылышы шарт. Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Абдрахманов Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп жатса, мыйзамсыз деген тарап сотко кайрылышы керек", - деди ал.
ЖЭЭНБЕКОВ: "КСДПнын рейдерлик жол менен тартып алынып жатканы коомго ачык көрсөтүлүүдө"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков ар бир мамлекетте партиялардын саясатка аралашышы, алардын өнүгүүсү өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ экенине токтолду. "Мисалы демократиялык мамлекеттерде партия адам менен бириккен эмес. Партияга ким мүчө болсо дагы, негизги багыт партиянын аты-жөнү анын программасы болуп эсептелет. Ал эми Кыргыз мамлекетинде партия сөзсүз түрдө адам катарында кабыл алынып калган. Мисалы "КСДП" Атамбаев, "Ар-Намыс" партиясы Кулов, "Ата Мекен" Текебаев деген сыяктуу көрүнүш биздин коомдун аң-сезимине сиңип калган. Азыркы күндө мурдагы президенттин партиясынын тартылып алынып жатканы жана кээ бир укуктук маселелери тез аранын ичинде Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнү, бийликтин кандайдыр бир деңгээлде жашыруун колдоосу менен болуп жатканы туура эмес көрүнүш болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бийлик, мамлекет кайсы бир адамдын партиясын рейдерлик жол менен тартып алып жаткан көрүнүшүн коомго ачык алып чыгып көрсөтүүдө", - дейт Жээнбеков.
ТЕРБИШАЛИЕВ: "КСДПнын лидеринин алмашуусу бул Кыргыз мамлекетинин тарыхында чоң из калтырат"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Данияр Тербишалиевдин пикиринде, КСДПнын ичинде болгон маселе чынында демократиялык процесстердин көрсөткүчү. "Азыркы партиянын ичинде болгон демократиялык процесстер, партиянын лидеринин алмашуусу бул башка партияларда, Кыргыз мамлекетинин тарыхында чоң из калтырат. Бул демократиянын жетишкенидиги деп айтсак болот. Ушул күндөн тарта башка партияларда дагы авторитардык башкаруу, лидерлердин тоталитардык башкаруусу жокко чыгат деп ойлойм. Демократиялык партиялар түзүлүп, парламенттик башкаруу системине чоң өбөлгө болот деп эсептейм", - дейт Тербишалиев.
ТУРДУКУЛОВ: “КСДПны тартып алуу аракети Сооронбай Жээнбековдун аброюна жана рейтингине терс таасирин тийгизүүдө”
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун айтымында, бийликтин максаты – расмий КСДПны 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо.
"Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков КСДПнын атынан шайланган. Бирок бир жарым жылдан кийин бул партияны рейдерлик жол менен тартып алуу аракети болууда. Акаев жана Бакиев мындайга барган эмес. Бул көрүнүш президенттин өзүнө белги болуш керек, анткени анын аброюна жана рейтингине терс таасирин тийгизүүдө.
“КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын башында турган Сагынбек Абдрахманов парламенттик шайлоодо КСДПнын атынан катышууга үмүттөнбөй эле койсун. Ал өз ишин кылды, аны пайдаланып бүтүштү. Эгер чындап альтернативдүү КСДПны түзүү ниети болгондо, Иса Өмүркулов сыяктуу партиянын мурдагы мүчөлөрү жана КСДП фракциясынан депутаттар ага кирмек. Ошондуктан бийликтин максаты КСДПны шайлоого катыштырбоо болгон. Ал эми Абдрахманов түзгөн партияны эсептен чыгарып коюшат", - деди Турдукулов.
МИСКЕНБАЕВ: "Мындан кийин бизнестерди тартып алуулар болот"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев мындай көрүнүш бардык партиялардын башына түшө турганын белгиледи. "Буга чейин "Айкөл Ала-Тоо" кыймылына рейдерлик кылды. Эми КСДПга рейдерлик кылып жатат. Мындан кийин бизнестерди тартып алып баштайт. Кайсы партия баш көтөрсө ушундай көрүнүш болот. Бул бийликтин аягы жакшы бүтпөйт. Буга чейин мындай бийликти көргөнбүз. Акаев, Бакиев кылбаганды ушул бийлик кылып жатат. Жээнбековдун бийлиги Акаев, Бакиевдин бийлигинен эки эсе ашып түштү. Мындай көрүнүш бардык партиянын башына түшөт", - дейт Мискенбаев.
КАСЫМБЕКОВ: “Кыргыз өлкөсүндө кантип партияны тартып алуу боюнча саясий рейдерликтин жаңы жолу ойлоп табылды”КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков партиянын талашка түшкөнүн, Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду жетекчи деп өзгөрткөнүн саясий рейдерлик деп сыпаттай турганын белгиледи.
"Кыргыз өлкөсүндө кантип партияны тартып алуу жөнүндөгү саясий рейдерликтин жаңы жолу ойлоп табылды. Биринчи кадамдары жалган съездди өткөрүп, жалган жетекчини реестрге киргизүү менен башталды. Партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин ордуна жалган лидер Сагынбек Абдрахмановду реестрге киргизип коюшпадыбы. Бул рейдерликтин жаңы жолу. Мурда бизнести тартып алышчу, азыр саясий-коомдук рейдерлик аракеттер пайда болду. Бул Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи жолу партияны тартып алуу аракеттер", - деди Касымбеков.