5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган. Ал Апрель революциясына, 100гө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?" деген собол салды.
АРТЫКОВ: "Конгантиевдин Таласта катуу сабалганы жаза катары эсептелсе керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыковдун айтымында, Конгантиев юридикалык жактан жоопкерчиликке тартылышы керек.
"2010-жылдагы башаламандыкка анын жоопкерчилиги бар болушу мүмкүн. УКМКнын, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери жазасын өтөштү да. Эмнеге Конгантиев акталганын билбейм. Балким, анын Таласта токмоктолгону жаза катары эсептелген болушу мүмкүн, бирок ал юридикалык жактан жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Артыков.
САТЫБАЛДИЕВ: "Молдомуса Конгантиевдин акталганы бардык жактан туура"
Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин айтымында, Конгантиев айыпталуучу эмес, ал жабырлануучу.
"2010-жылдын 7-Апрелиндеги окуяда Конгантиевдин кандай кылмышы бар? Кайсы бир адамды жоопко тартып жатканда, кылган кылмышы үчүн тартыш керек да, ошого көңүл буруу зарыл. Мен Конгантиевдин сотуна баргам. Жеке пикиримде, ал айыпталуучу эмес, жабырлануучу. Конгантиевдин 7-Апрелдеги окуя боюнча акталганы юридикалык жактан да, бардык тараптан да туура. Бул чечимге ким нааразы болуп жатат, ал башка маселе", - деди Сатыбалдиев.
САСЫКБАЕВА: "Конгантиевдин эч кандай күнөөсү жок десек, 2010-жылы жабыркагандардын бетине түкүргөндөй болобуз"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын пикиринде, Конгантиев жазага тартылышы керек.
"Бакиев жана анын айланасындагылар элди жаман абалга жеткирип, жыйынтыгында 2010-жылдагы революция орун алды. Айланасындагылардын арасында Конгантиев болгон. Ал кезде оппозиция өлкөдө кырдаал курчуп жатат деп көп жолу айтып келген. Ошондой эле оппозиция Курманбек Бакиевдин ишиндеги кемчиликтерди айтса да, Бакиев жана тарапташтары буга көңүл бурган жок.
Бийлик коркутуу, адам өлтүрүү менен алек болуп, оппозицияга басым көрсөткөн, сөз эркиндигин чектеген, адам укуктарын тебелеген. Канчалаган адам каза болгон жана жабыркаган. Буга тиешеси бар чиновниктер жазасын өтөбөсө, демек, биз 7-Апрелде балдардын каза болгонуна уялбай, көңүл бурбай койгон болобуз. Ошондуктан Конгантиев жазага тартылышы керек. Сот "анын күнөөсү бар" деген чечим чыгарып, бирок Таласта катуу сабалганын эске алып, жеңилдетилген жазаны берсе болмок. Конгантиевдин эч кандай күнөөсү жок десек, 2010-жылы жабыркагандардын бетине түкүргөндөй болобуз", - деди Сасыкбаева.
КЕЛДИБЕКОВ: "Конгантиев Таласта запкы жегени боюнча эч кимге даттанбаганы - бул жигитчилик"
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, 2010-жылы Конгантиев курал колдонуу буйругун берген жок.
"Молдомуса Конгантиев сотто бүт далилдерди көрсөттү, мыйзамдын чегинен чыккан жок. Азыр дагы кайсы гана учур болбосун, ар бир министр өзүнүн иштеп жаткан ишинде жоопкерчиликти алып иштеш керек. 2010-жылы Конгантиев Таласта болгондо бирөөнү атуу же курал колдонуу болгон эмес. Ал министр катары милдетин аткарган. Таласта запкы жегени жана ал боюнча эч кимге даттанбаганы - бул жигитчилик. Молдомуса Конгантиевдин акталганы эң туура чечим", - деди Келдибеков.
МАМЫТКАНОВ: "Конгантиевди актоо Бакиевди актагандай болуп калды"
УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикиринде, Конгантиевди актоо чечимин элге түшүндүрүү кыйын болот.
"9 жыл ичинде соттук процесс кандай өттү, кимдер суралды белгисиз. Ошон үчүн мен соттун чечимине нааразымын. Борбордук аянтта адамдардын каза болгонуна күнөөсү жок болушу мүмкүн, анткени ал учурда Таласта болгон. Бирок ИИМ министри катары ички иштер органдарды өзү башкарып турган.
Эми Конгантиевди актоо чечимин элге түшүндүрүү кыйын. Бакиевди актагандай болуп калды. Эми көрөбүз. прокуратура шаардык жана Жогорку сотко арызданат, ошол жогорку инстанциялардын чечимин күтөбүз. Бакиевчилер ушинтип акталып кетеби? Анда кайра президент болуп келсин", - деди Мамытканов.
КАПТАГАЕВ: "Конгантиевдин акталышы мыйзам ченемдүү эле нерсе"
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин айтымында, Конгантиевдин акталышын "реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады" деп түшүнүүгө болбойт.
"Муну 2010-жылдан бери укук коргоо жана тергөө кызматтарынын кыянаттыгы катары кабыл алуу керек. Анткени ошол учурдагы министр Конгантиевдин түздөн-түз тиешеси бар кылмыштуу иштерди тактап, тергеп, анын моюнуна коюунун ордуна жалпыланып жылмаланган айып тагылган. Сотто Садыркуловдун, Слепченконун жана башкалардын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү, ага чейин Садыркуловго кулак жана манжаларды кесип жөнөтүү, бир канча журналисттерди өлтүрүү жана аларга кол салуу сыяктуу кылмыштарга Конгантиевдин тиешеси бар экендигин далилдеген кылмыш иштери өткөрүлгөн эмес, алар каралган да жок.
2010-2011-жылдары анын ден соолугуна байланыштуу, бүгүн жок эртең көз жумуп кетеби деген кооптонуудан улам тергөө иштерин гумандуулуктун негизинде токтотуп турушту деп түшүнүүгө болот, ал эми андан кийин Атамбаев кандай себептерден улам калкалап, алакчылап келгенин түшүнүү кыйын. Ошондуктан акталып жатканы мыйзам ченемдүү эле нерсе", - деди Каптагаев.