КҮНСОБОЛ: Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: “Социалдык тармакты көзөмөлдөө кыйын, болгону тартип киргизүү керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, интернет колдонуучулары тарабынан бирөөнү ашкере каралаган жалган маалыматтар сот тарабынан төгүндөлүшү керек.

“Эгер интернетке кайсы бир адамды каралаган, жалган маалымат чыкса ал сот тарабынан төгүндөлүп, башка маалымат каражаттарына да жайгаштырылышы керек. Эгер социалдык тармактын колдонуучусу бирөөнү ашкере каралап, кадыр-баркына шек келтирсе, ал сот тарабынан төгүндөлүшү керек. Анан ошол колдонуучу бардык интернет колдонуучулар таанышкандай шартта жарыялашы зарыл. Төгүндөөнү дароо өчүрүп салбай, ал бир ай турушу керек. Мен ушундай мыйзам долбоорун сунуш кылгам. Бирок эч ким түшүнгөн эмес. Азыр деле депутаттар ошол маселени көтөрүп жатышат. Бизде интернет колдонуучулары башка өлкө жарандарынан өзгөчө деп айтуудан алысмын. Бардык эле өлкөдө саясатчыларды сындашат, шылдыңдашат. Бирок айырмасы аларда тартип бар. Эгер туура эмес маалымат тараса ал адамга же маалымат каражатына чоң суммада айып салынат да, төгүндөө маалымат бардык жакка жарыяланат. Бүгүнкү күндө социалдык тармактын колдонуучуларынын аракеттерине чара көрө албайбыз. Бирок фейк баракчаларга чара көрүү керек. Мисалы, Казакстан буга чара көргөн”, - деди Бекешев.

СООРОНКУЛОВА: "Социалдык тармактарда адамдын ар-намысына шек келтирген сөздөргө мыйзамдын таасири жок деген норма жок"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова социалдык тармактарда тараган жалган маалыматтарды көзөмөлдөө татаалга турарын белгилейт.

"Социалдык тармактарда адамдын ар-намысына шек келтирген сөздөргө мыйзамдын таасири жок деген норма жок. Кадимкидей эле мыйзам иштейт. Мисалы, кайсы бир адам башка адамды шылдыңдап, жалаа жаап жатса жоопкерчиликке тартууга тоскоолдук жок, сотко берүүгө болот. Негизинен социалдык тармак жаңы нерсе болгондуктан ал жакка тараган жалган маалыматтарды жөнгө салуу кыйын. Мисалы, социалдык тармакка чыккан маалыматка кайра төгүндөөчү маалымат жаз деп кимге кайрылмак элек, ошол тармактын ээсинеби? Бул жерде мыйзамдын күчү жетишпей калат”, - деди Сооронкулова.

МАМЫТОВА: "Ар бир пикир калтыруучу адам сотко айланып алды"

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова жакында эле интернетке ал жөнүндө такталбаган маалымат таратылып кеткенин айтты.

"Күнөөсү далилденбей туруп эле бир адамды күнөөлөп салган туура эмес. Бирок азыр тастыкталбаган маалыматтарды да социалдык тармактарга жазып салышууда. Ар бир пикир калтыруучу адам сотко айланып алды. Албетте, анын артында фейктер же бир буюртмачы турган болот. Укуктук мамлекетте жашагандан кийин эч кимдин тастыкталбаган маалыматы менен адамды күнөөлөп, жамандаганга акысы жок. Мен жөнүндө да Касымалиева (Аида Касымалиева – ред.) такталбаган маалыматтарды айтып салды. Бирок аны Башкы прокуратура тастыктаган жок да. Социалдык тармак жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбегенден кийин ага такталбаган маалымат жазган адамды кантип жазалайт элек? Ар бир жаран дагы маалыматты тактап, туура тандоону билиши керек. Маселенин бир эле чечими бар – бул жарандардын билим деңгээлин жогорулатуу. Ал эми мыйзам боюнча чара көрүү жагын ошол демилгелеп жаткан депутаттар карап көрсө болот. Бирок биротоло оозду бууп койгон да туура эмес. Себеби демократиялык мамлекетте жашап жатабыз. Сөз эркиндиги деген нерсе бар", - деди Мамытова.

АСКАРБЕКОВ: “Жарандарды идентификациядан өткөрүп, анан гана социалдык тармакка катташ керек”

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков социалдык тармактагы билдирүүлөргө ашыкча чектөө коюуну колдобой турганын билдирди.

“Биздин мыйзамдарыбызда маалыматтарды таратууну көзөмөлдөөчү расмий чечим бар. Муну ушул маселеде соттошуп көргөнүм үчүн билип калдым. Буга чейин депутат Дастан Бекешев жана активист Алга Кылычев мени пикирим үчүн сотко берген болчу. Социалдык тармакта жазылган пикирлерге көзөмөлдү күчөтүп жиберүүгө каршымын. Андан көрө ар бир жаранды идентификациядан өткөрүп, анан гана социалдык тармакка катташ керек. Себеби чагымчылдыкты, жалганды фейктер жазат. Ошондо ар ким өз атынан катталат. Азыр фейктер жалган маалымат жазышып, аны башкалар таратып жатышат. Акыйкаттыкты айткан адам эч качан фейк баракча менен социалдык тармакка кирбейт. Чагымчылдар эле бул жолго барышат. Биздин саясатчылар атайын адам жалдап, каршылаштарын каралатып жатышат да. Бирок социалдык тармакка эмоция менен жазабы, маданияттуу жазабы, аны тескей албайбыз. Алардын пикири адамдык деңгээлине жараша”, - деди ал.

ТОКТАКУНОВ: "Жалган маалымат тараткандарды Жарандык кодекстин негизинде жоопко тартса болот"

Адвокат Нурбек Токтакунов ар бир адам сотко берүүнү өзү чече турганын белгиледи.

"Жалган маалымат сүйлөсө жоопко тартса болот. Бир адам жөнүндө так эмес каралоо маалымат таратылса, анда ал сотко берсе болот. Бирок маалыматтар такталып, далилдениши керек", - деди Токтакунов.

ТУРДУКУЛОВ: "Социалдык түйүндөрдө көтөрүлгөн маселелер чечилсе, нааразычылыктар азаят"

Жарандык активист Адил Турдукулов социалдык түйүндөр сөз эркиндигинин бир тармагы болуп калганын белгиледи.

"Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарда экстремисттик, террорчулукка байланыштуу же кандайдыр бир адамды өлтүрүү, жок кылуу тууралуу сөздөр болсо тийиштүү органдар реакция жасашы абзел. Социалдык тармактарда депутат Махабат Мавлянованын жеке өзүнө эмес, көтөргөн маселеси боюнча жарандар абдан курч пикирлерди айтышкан. Менин оюмча, ал пикирлер жүйөлүү болгон. Анткени депутат көтөргөн маселе азыркы тапта жүзөгө ашырылышы биздин улуттук коопсуздугубузга чоң кедергисин тийгизет. Ошондуктан Мавлянованы жамандап койду деп жарандарга карата куугунтук, жаза колдонулбашы керек.

Социалдык түйүндөр азыркы сөз эркиндигинин кандайдыр бир тармагы болуп калды. Айтылган көйгөйлөргө реакция жасалып, маселелер чечилиши керек. Ошондо социалдык тармактарда нааразычылыктар азаят. Азыркы бийлик мурунку бийликтин катасын кайталабашы зарыл. Эч бир адамга куугунтук болбошу керек", - деди Турдукулов.

ТЫНАЕВ: "Соттор адилет чечим чыгарса анда саясатчылардын көтөргөн демилгесине макул болмокмун"

Медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикиринде, интернет колдонуучуларына бөгөт коюуга болбойт. "Биринчиден, мен депутаттардын сунуштарына мамилем терс. Анткени мыйзамда тийиштүү нормалар каралган. Мыйзамдар мурда эле кабыл алынып, керектүү учурда иштеп келет. Керек болсо кээде күчтүү иштейт. Муну мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин “Заноза” сайтын сотко беришин мисал келтирсек болот. Эгер кайсы бир депутатка бирөөнүн жазганы жакпаса анда ал сотко арызданып, каалаган тарабы менен соттошо алат. Сот болсо мүмкүнчүлүктөрүнө карап айып тагат. Бирок биз өзүбүздү эркин, демократиялык багыттагы, сөз эркиндиги маани берген өлкө деп эсептесек бул абалга башка көз караш менен карашыбыз керек.

Интернет колдонуучуларына эч ким бөгөт коё албайт. Элдин оозун жабуу мүмкүн эмес. Эгер мыйзам чегинде чек коюлса анда эл башка мүмкүнчүлүк табат. Интернет колдонуучулардын кыймыл-аракети саясатчылардын тынчын кетирип жатса, анда алар жалпы эле саясий маданият тууралуу кеп баштап, кызыкдар болгон тараптарды баарлашууга чакырсын. Биз медиа эксперт катары депутаттардын түшүнбөй жаткан жерин айтып берип, алардын да бизге карата көйгөйлөрүн угабыз. Ушундай диалогдун жолу менен эки тарапты канааттандырган чечимдерди табарбыз.

Интернет колдонуучулар чектен чыгат деп айтылат. Бирок бул ар бир адамдын маданий деңгээли, тарбиясына жараша болот. Түшүнбөстүк ушул жерден чыгууда. Саясатчылардын пикири боюнча кайсы бир пикир каралоо болсо, ал кийинки адам үчүн нормалдуу көрүнүш. Буга юридикалык жактан талдап баа берүү кыйын. Эгер өлкөдө мыйзамдар так сакталса, соттор адилет пикир чыгарып, айнектей таза иштесе, анда мен саясатчылардын көтөргөн демилгесине макул болмокмун”, - деди Тынаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан