Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып пул төлөө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга соттолду. Экс-мэрлерге чыккан өкүм калыс болдубу же саясий чечим болдубу?" деген собол салды.
ОСМОНАЛИЕВ: "Соттордун принциптери элге түшүнүксүз болуп жатат"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев бардык нерсени убакыт көрсөтө турганын айтты.
"Бул суроо боюнча пикирди дароо айтуу кыйын. Бир топ анализдерди жасап жатабыз. Менин оюмча, соттордун өздөрүнүн кандайдыр бир калайык калкка түшүнүксүз принцип, себептери болуп жаткандай. Чынында экөөнүн соттун астында болгон айыптоо иштери абдан оор иштер болчу. Чыккан чечимдер боюнча суроолор бар. Бардык нерсени убакыт көрсөтөт", - деди Осмоналиев.
САРИЕВ: "Кулматов менен Ибраимовго чыккан өкүм саясий чечим болушу мүмкүн"
Саясат таануучу Марс Сариев экс-мэрлерге чыккан өкүм саясий чечим болушу мүмкүн деген пикирде.
"Чын эле кызык болуп жатат. Эмне үчүн Кулматовду бошотуп салып, Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратты? Бул саясий чечим болушу мүмкүн. Президенттердин Санкт-Петербургда жолугушуусу болду. Кулматовдун Орусия менен тыгыз байланышы бар. Бул чечимге орусиялык фактор таасирин тийгизди болуш керек", - дейт Марс Сариев.
ҮМЕТАЛИЕВА: "Кулматовдун сот залынан бошотулганын жеңиш деп айтса болот"
Укук коргоочу Токтайым Үметалиева соттун өкүмү саясий чечим болду деп ойлобой турганын билдирди.
"Кулматовдуку бир эле эпизод менен кетип жатат. Бул орто мектеп боюнча болууда. Туура эмес чечим чыкты деп эсептейм. Далил жок. Мектеп курулуп жатканда, ал мэр болуп иштеген эмес. Ал эл аралык коомдун төрагасы болуп иштеп жаткан. Ал болгону грант боюнча өкмөт чечим кабыл алып жатканда, эки мектепти куралы деп сунуш берген. Ага да карабай 5 миллион сом айып пул салынды. Анын сот залынан бошотулушу эң чоң жеңиш деп айтса болот. Акталганга жол ачылат. Соттун өкүмүн саясий чечим деп ойлобойм. Эч нерсе таппай аргасыздан айып пул салынды", - дейт Үметалиева.
АСАНОВ: "Соттор туура чечим кабыл алганга аракет кылып жатышса керек"
Саясатчы Бектур Асанов соттор туура чечим кабыл алганга аракет кылып жатышса керек деген оюн билдирди.
"Менин оюмча, соттор туура чечим кабыл алганга аракет кылып жатышса керек. Президент элдин ишенимине ээ болуу деген талап койгон. Кулматовдун күнөөсү аз болсо керек", - дейт Бектур Асанов.
ТУРДУКУЛОВ: "Экс-мэрлерге чыккан сот өкүмү саясий чечим болду деп ойлойм"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов экс-мэрлерге карата саясий чечим чыкты деген ойдо.
"Башында Албек Ибраимовго 20 жыл, Кулматовго 15 жыл суралган. Эл да ошого жакын камоо мөөнөтүн берет болуш керек деп күткөн болчу. Албек Ибраимовго 15 жыл берилип, Кулматовдун сот залынан бошотулганы көп суроолорду жана божомолдорду жаратат. Кулматов Бажы кызматында көп жылдан бери иштегендиктен, бийликке же башкаларга карата кандайдыр бир фактылары болушу мүмкүн. Балким, Орусия тараптан басым болуп, чыгып кетти. Дагы бир божомол бар, Кулматов Атамбаевге карата көрсөтмө бергендир. Ушундай божомолдор болушу мүмкүн. Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов дагы саясий өңүттө камалган. Экс-мэрлерге карата саясий чечим чыкты деген ойдомун", - дейт Турдукулов.