КҮНСОБОЛ: Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. Паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы?

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында бир топ азыркы жана мурунку чиновниктер камакка алынды. Алардын катарында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев жана мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бар. SUPER.KG порталы паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген суроонун негизинде собол салды.

МУКАМБЕТОВ: "ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштерин көрүп "Өлкөдө таза киши барбы?" деген суроо жаралат"

Энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов өлкөдө келечекке ишеним жоголгонсуп баратканын айтты. "Сөздүн ачыгын айтканда, чиновниктерди кармаса баарынан эле паракорлор чыкчудай болуп калды. Кайда бара жатканыбызды билбей, өзүмдүн дагы башым айланып калды. Кубанычбек Кулматовдун атасы таза жүргөн адам эле. Мындан улам "Кантип эле анын баласы ушундай жолго барды?" деген суроо жаралат. Такыр эч нерсеге ишенбей калдым. Келечекке ишеним жоголуп бараткандай сезилип жатат. "Кыргыз мамлекетинде таза адам барбы?" деген күмөн пайда болду", - деген ойдо Мукамбетов.

АКМАТАЛИЕВ: "ЖЭБдеги коррупциялык иштер - бул коррупцияга каршы күрөштүн башталышы"

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиевдин пикиринде азыркы коррупцияга каршы күрөш - бул башталышы гана.

"Бишкек ЖЭБиндеги иш чуулуу болуп калды, ошол себептен коррупциялык иштер ошол маселеде болууда. Бирок коррупциялык иштердеги фигуранттар бир эле адамдар болуп жатат, ЖЭБ, Тарых музейиндеги иштерди айтсак болот. Жалпы алып караганда, президент айткан сөздөрүн ишке ашырып жатат. Эң негизгиси президенттин бул иштерди аткарууга моралдык укугу бар, себеби президент өзү ыплас иштерге аралаштырды делген далил жок.

Учурда ЖЭБ боюнча болуп жатканы ал чоң иш болгондуктан ошол иштин артынан түшүп жатат, бул азыр башталышы. Алдыда "Датка-Кемин", Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү иштер, дагы башка иштер ачылат. Юрист катары түшүнүп жатам, коррупциялык иштерди колунан кармап албагандан кийин далилдеш өтө татаал иш. Ошол себептен коррупцияга каршы күрөшүүнү тез ыргакта жүргүзүүнүн кереги жок, эң башкысы багыт керек, күрөшөм дедиби күрөшүш керек.

Бирок президент реалдуу реформаларды да жасаш керек, баарын эле камоо менен маселе аягына чейин чечилбейт. Бир нече убакыт өткөн соң эл президенттен реалдуу реформаларды, өзгөчө укук коргоо органдарындагы реформаларды талап кыла баштайт", - деди Акматалиев.

БУЛАТОВ: "Азыркы уурулардын алкымы чоң болуп жатат"

Укук коргоочу Качкын Булатов ЖЭБдин багыты менен көп адамдар камалып жатканын белгиледи. "Мурда Аскар Акаевдин убагында өкмөттө кылмыштуу топ иштечү деп айтылып келген. Алмазбек Атамбаевдин убагында дагы так ошондой болуптур. Азыр паралардын көлөмү дагы көп болуп жатат. Бизде уурулардын алкымы чоң экен. Минтип отурсак, мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн. Өтө кооптуу убакыт болуп калды", - деген пикирде Булатов.

МАВЛЯНОВА: “Коррупция бардык министрликтерде бар”

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Махабат Мавлянова коррупцияга каршы жалпы күрөш болуп жатканын белгиледи. "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүш керектигин айтып чыккан. Коррупция ар бир органдарда бар деп билдирген өлкө башчы. Коррупция боюнча эң чоң резонанстуу иш ЖЭБге байланыштуу болуп жатат. Негизи Токтогул ГЭСинде 400 миллион долларлык реконструкция жүрүүдө. Чоң насыялар кеткен тармактарды текшерип чыгуу керек. ЖЭБ бул мисал катары эле болуп калат. Мындай коррупция ар бир насыя алынган мамлекеттик инвестиция болгон жерлердин баарында бар деп айта алабыз. Мамлекеттик органдарда, министрликтерде, мекемелерде кичинекей ишканадан баштап чоң жерлердин баарында коррупция бар", - деди Мавлянова.

БАКИРОВ: “Азыр жок дегенде бир тармакты тазалаганга мүмкүнчүлүк жаралды”

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, ЖЭБдин айланасындагы коррупциялык иштер боюнча бир топ адамдардын камакка алынышында депутаттык комиссиянын эмгеги чоң.

"Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиясынын корутундусунан кийин токтом кабыл алынган. Ошол токтомдо укук коргоо органдарына 3 ай мөөнөт берилген. Анда конкреттүү фамилиялар жазылган. Менин оюмча, ошол токтомдун аткарылышын укук коргоо органдары камсыз кылып, жумуштар болуп жатат. Андан сырткары да бажы, музей, ипподром сыяктуу иштер боюнча да аракеттер жүрүүдө. Ар багытта коррупцияга каршы күрөш болуп жатат. ЖЭБ болсо резонанстуу иш катары көзгө урунуп жатат. Азыр жок дегенде бир тармакты болсо да тазалап алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Энергетика тармагынын бүгүнкү күндө 100 миллиард сомдон ашык карызы бар. Коррупцияга каршы күрөшүүдө багыттуу кетсек жемиштүү болот", - деди Бакиров.

ОРМОНОВ: “Башка мекемедеги коррупциялык иштер резонанс жараткан жок”

“Бир бол” фракциясынан депутат Улугбек Ормонов коррупционерлерди камоо менен гана жазалоого болбостугун айтты.

“ЖЭБдин кышында аварияга учурашы чоң резонанстуу окуя болду. Ири суммадагы каражаттын туура эмес сарпталгандыгы элде чоң суроо-талапты жаратты. Албетте, башка тармакта да көп маселе бар. Бирок азыр иш ЖЭБ боюнча кетип жатат. Башка мекемедеги коррупциялык иштер резонанс жараткан жок. Мурдагы жетекчилерди камоо менен эле коррупцияга каршы күрөш башталды дегенден алысмын. Албетте, ЖЭБдеги коррупциялык иштер боюнча аракеттердин күчөшүндө депутаттык комиссиянын салымы бар”, - деди Ормонов.

ЖУНУС УУЛУ: “Коррупцияга каршы эң чоң күрөш ЖЭБ менен эле токтоп калбашы керек”

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулунун пикиринде, ар бир тармакта коррупция бар.

“Буга чейин коррупцияга каршы күрөшүү деп эле саясий каршылаштарын бир тараптуу жок кылат деген түшүнүк болуп калган. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров сыяктууларга, чынында эле ошондой болгон. Ал эми ЖЭБдеги коррупцияны эч ким жашырып кала алган жок. Андан бир нече мурунку премьер-министр, депутат камалды. Менимче, бул жакшы көрүнүш. Бирок коррупцияга каршы эң чоң күрөш ушул ЖЭБ менен эле токтоп калбай уланышы керек.

Албетте, кайсы тармакка барбайлы, коррупция бардай сезилет. Коорупция десе эле постто турган бир бажычыны, ГАИшникти же салыкчыны кармап эмес, алардын жетекчилигин, ошол схеманы жок кылыш керек. Миллиондогон каражат, үйлөр кайдан чыкты? Ошону далилдеп беришсин. Алар бир күн да ишкерчилик кылган эмес. ЖЭБде авария болгондо эмне үчүн Сапар Исаков камалбай жатат деп айтышты. Кийин депутаттык комиссиянын корутундусу тааныштырылган күнү ким-кимге "крыша" болуп берип жатканы ачык билинип калды.

Исаков камалгандан кийин Осмонбек Артыкбаев Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандары, кудасы экен деп отуруп, аны да каматышты. Кийин Жантөрө Сатыбалдиев да камалды. Бирок мен тергөө ишине аралашпоо керек деген пикирдемин. Бул кишилерди да күнөөлөгөндөн алысмын. Акпыз десе, сотто далилдеп беришсин”, - деди Жунус уулу.

САРСЕЙИТОВ: “Транспорт жана жолдор министрине туура эмес иштеген жумушчулары боюнча кайрылсам, аларды коргоп жатат”

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Исланбек Сарсейитовдун айтымында, акыркы учурдагы кылмыш иштери депутаттык комиссия тизмеге киргизген адамдарга тийиштүү болууда.

“Мен да ошол ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда мүчө болдум. Корутундуда биз көрсөткөн фамилияларды депутаттар колдоп берди. Азыр эми укук коргоо органдары иш алып барууда. Башка тармактарда да коррупция бар. Жакында эле Эсептөө палатасы акыркы жыйынтыгы боюнча акчаны максатсыз иштеткен министрлик Транспорт жана жолдор министрлиги экен. Министрге бир нече жумушчулардын ишиндеги кемчиликтер боюнча кайрылсам, аларды коргоп, чара көрбөй жатат. Биз фактылар менен кайрылып эле жатабыз.

Коррупцияга каршы президент эле эмес, командасы менен жапа тырмак күрөшүүсү шарт. Акыркы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштери кайсы бир командага багытталган деп эсептебейм”, - деди Сарсейитов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан