“Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!” аталыштагы петицияны учурда 9 миңден ашык адам колдоду. Уран кенин иштетүүгө каршы кол чогултуу учурда онлайн түрдө өтүүдө.
Демилгечилердин айтымында, бул петициянын негизги максаты кол чогултуу аркылуу карапайым калктын оюн жана каршылыгын бийликке жеткирүү болуп саналат. Учурда петицияга кол койгондордун саны 9 миң 100дөн ашты.
Буга чейин, 20-апрель күнү жергиликтүү тургундар "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип митингге чыгышкан. Бүгүн да урандын казылуусуна каршы Ысык-Көлдүн тургундары Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын борборуна, ал эми Бишкектен баргандар Боом капчыгайындагы уран казылат деген жерге чогулууну болжоп жатышкан.
Өткөн аптада өкмөт алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы уран кени тууралуу түшүндүрмөнү жарыялаган болчу.