Бүгүн, 30-апрелде "Ала-Тоо" аянтында уран казууга каршы митинг өткөргөн "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаевди милиция кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына партиянын өкүлү Динара Кутманова билдирди.
Анын айтымында, Эркин Бөлөкбаевди Максим Горький атындагы сейил багында митинг аяктаган соң Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери кармап кетти.
Биринчи Май райондук башкармалыгы сотко кайрылып, 30-апрелде "Ала-Тоо" аянтында башка иш-чаралар өтөрүн кабарлап, митингди башка жерге жылдырууну өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырган.
Эркин Бөлөкбаев тыюу салынганына карабастан "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрө турганын айткан. Митинг "Ала-Тоо" аянтында башталып, Максим Горький атындагы сейил багында аяктаган.