Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан "Кызыл-Омпол" уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күнү бул участокто эч кандай казуу иштери жүргүзүлгөн жок жана комиссиянын иши аяктап, бардык оң экспертизалар алынганга чейин жүргүзүлбөйт.
"Уран кенинде иштеген компания 2004-жылы катталган, 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. 2013-жылы ал экинчи лицензиясын алып, ошондон бери ушул кенде ишин улантып келет. Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчтөндүрүү, анын ачык-айкын ишмердигин камсыз кылуу, ишке жогорку класстагы эксперттерди, парламенттин депутаттарын, жарандык коом жана жергиликтүү калк өкүлдөрүн тартуу керек. Болушунча объективдүү жана ачык иштөө кажет.
Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын дыкат, ачык жана объективдүү ишин камсыздоону тапшырам. Бул менин талабым жана өкмөттүн позициясы", – деди Абылгазиев.