Биринчи Май райондук соту уран кенинин иштешине каршы митингди Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына митингдин уюштуруучуларынын бири Назгүл Мамытова билдирди.
Анын айтымында, элдин баары "Ала-Тоо" аянтына чакырылган. "Митингди Максим Горький атындагы сейил багында өткөргүлө деп айтышыптыр" дейт Мамытова. "Ала-Тоо" аянтында башка иш-чара өткөрүү пландалганы айтылууда.
Митинг эртең, 30-апрелде Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өтөрү жарыяланган. Уран кенинин иштешине каршы митингдин катышуучулары Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жатат. Алар уран казууга биротоло тыюу салууну талап кылып жатышат.