Эртең, 30-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, район башкармалыгы сотко кайрылып, 30-апрелде "Ала-Тоо" аянтында башка иш-чаралар өтөрүн кабарлап, митингди башка жерге жылдырууну өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок бул чечимге карабай "Жашылдар партиясы" эртең митингге саат 11:00дө чыкканы жатышат. Алар уран өндүрүүгө тыюу салууну талап кылышмакчы.
Буга чейин 26-апрелде уран кенин иштетүүгө каршы митинг өткөн. Анда 300гө жакын адам катышкан. Өкмөт Кызыл-Омполдо ишти токтотуп туруу чечимин кабыл алган.