Сооронбай Жээнбеков уран чуусу үчүн өкмөттү айыптады

"Кызыл-Омполдогу окуя жөн жерден саясатташып кетти", - деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Омполдогу окуя - кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили.

"Уран чуусунун артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, козголбой турган нерсе болчу", - деди Жээнбеков.

Ал Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

“Президенттик кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коё баштадым. Лицензия берүүдө кадимки базардагыдай эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Азыр бул боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2018-жылы лицензия берүү тармагын кылдат анализдеп, инвентаризация кылуу сунушталган, мораторий жарыялаганбыз”, - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча региондорго эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан