Өлкөдө Радиоактивдүү заттарды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салынды

Өлкөдө уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

"Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин 2019-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Радиоактивдүү элементтердин, анын ичинде урандын калдыктары бар жерлерди калыбына келтирүү иштерине тыюу салынбайт", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан