Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митинг 300дөй адамдын катышуусунда өтүп жатат

Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митинг башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG`ге уюштуруучулардын бири билдирди.

Уюштуруучулардын айтымына караганда, учурда Боом капчыгайынын кире беришинде 300гө жакын адам чогулду. Алар уран казылат деген жерге барууну көздөөдө.

"Бир кезде Каркыра берилип кеткенде "дежур" аялдарды алып келип, жумуртка менен чабышкан. Балдар, азыр уран казылган жерге барганда акылсыздык кылып, таш менен урбагыла! Ата-бабаңардын арбагынан корккула, уранды каздырбайлы! Акча керекпи? Анда эл чогултуп берели!" - деди митингдин катышуучуларынын бири Дөөлөт Сыдыков.

Митингге катышууга келген Кеминдин тургуну Асанбек Кубатбек уулу "урандын калдыктарын тундуруучу эч нерсе жок болсо, ал каякка агат? Ысык-Көлүбүздү сактайлы!" деди.

Чогулгандар сүйлөп жаткандарга сөз бербей, катышуучулардын бири ызы-чууну токтотуп угалы деген сунушун билдирди.

Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылынын башчысы Майрам Кыдыралиева: "Өзүм Балыкчы шаарында туулуп-өскөм. Баарыбыз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, бир дагы айыл өкмөтүнүн башчысы, бир дагы облустун ыйгарым укуктуу өкүлү кен байлыктарын иштетүүгө уруксат берүүгө акысы жок. "UrAsia in Kyrgyzstan" (Кыргыз өлкөсүндөгү ЮрАзия) ишканасына Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген", - деди.

Буга чейин маалым болгондой, ушундай эле митинг 26-апрель күнү Бишкек шаарында өтүүсү пландалууда.

Урандын казылуусуна каршы митинг
Урандын казылуусуна каршы митинг 2
Урандын казылуусуна каршы митинг 3
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zhaku2017
2019-04-22 13:32:16
Мыйзамдуу олкодо жашаш учун мыйзамды биринчи Соке сакташ керек. Ар кимдин партиясын, мал мулкун рейдерлик менен тартып албай. Депутаттар кун карама. Асылбек Жээнбековтун козун карап отурушат. Элдин жашоосун депутаттар ойломок беле. Радиациялык иштер туризмге да терс таасирин тийгизет.
+3
Erik2018
2019-04-22 15:35:54
zhaku2017,АША президент болуп турганда 3 жолу кенди казууга уруксат берилген экен. Бул уран кенин кимдер кызыктар болуп жатканын элдин баары жакшы билет. Чындык акыркы кайкып чыгат деген ушул. Атамбаевдин куйруктарынан баарынан сурак алып чыгыш керек болуп жатат.
+2
gute
2019-04-22 13:35:19
Каздырбаш керек. Жол бербеш керек казганга. Бул биздин чондор зыяны тийбейт деп айта беришет, зяыны ещё как тиет. ЮрАзия компаниясы булардын чонтогуно жакшы акча берип койдуда чтобы разрешение бериш учун
+6
zhaku2017
2019-04-22 15:11:29
Петиция 15 минге чукулдап калды.
0
Erik2018
2019-04-22 15:36:32
Өкмөт башчы кен казууга чектөө кылыптыр паника кылууга негиз жок деп ойлойм.
+1
Snejana
2019-04-22 15:38:52
Убактылуу токтотту"-деп элдин башын айлантып жатышат. Эмнеге убактылуу? Биротоло токтотсун. Болбосо окмот кетсин. Депутаттар таратылсын.
0
elchi84
2019-04-22 16:12:28
Snejana,Кеткенде? Тараганда эле жыргап калабызбы? Ошол эле жепжутарлар акча берип отуп барат.
+1
Jaznura
2019-04-22 15:41:49
Дурболонго тушпогула. Окмот чечим кабыл албадыбы ишти токтотуу боюнча
+1
nabievich
2019-04-22 15:43:07
окмот токтотуптур бул ишти эч кандай бир болунуп жарылууга жол бербейли туугандар
+2
Mamiev
2019-04-22 18:03:22
Жазайын десем талкуу жабык экен. Рысбек кожобеков дейби бир ХХХХ оюн билдириптир ызылдай бербей адистерди угалы деп. ХХХХ жеп эле калбайсынбы ХХХХ адистерин казсын дейт да алтынын деле нефтисин уранын деле казсын дейт а силерге чандайган курсагынар тойсо болду
0
zhykyo
2019-04-22 20:02:55
Ырысбек Кожобеков деген айтканын угуп алып тан калып жатам ото кайдыгер адам окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан