9-сентябрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам мүрт кетип, 7 адам жаракат алган. Бүгүн, 13-сентябрда саат 11 чамасында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда оор абалда жаткан кыз каза болду. Маалыматты ооруканадан тастыкташты.
Маркум кыз 4 өспүрүм каза болгон унаада жүргүнчү катары келе жаткан. Кыз 19 жашта болгон.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден мүрт кеткен жеңил унаадагы 4 өспүрүмдүн баары 17 жашта болгон. Аталган жеңил унаа үйлөнүү тоюндагы кортежде болгон. Кырсыктан 7 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Алардын арасында автобустун айдоочусу да бар.