Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, Илмиянов 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда калтырылды.
Айта кетсек, 20-октябрга караган түнү Икрамжан Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. Буга чейин Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.