Азиз Батукаевди камактан бошотуу боюнча атайын прокурор кармалды

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында атайын прокурор кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк маалымат булактар кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер 2013-жылы атайын прокурор болуп иштеген. Ал эми азыркы учурда Нарын облустук прокуратурасында иштеп жаткан.

Биринчи Май райондук соту кечээ, 29-майда прокурордун баш коргоо чарасын караган. Анда сот прокурордун өтүнүчү менен өлкөдөн чыкпоо чечимин чыгарган.

Аталган маалыматты тастыктоо үчүн ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылганыбызда бул тууралуу маалымат жок экендигин билдиришти.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2019-05-30 17:08:20
Рысалиевди камаш керек болчу ошол баарын айтып бермек кандай болгонун.Текебаев тосуп алат жакшына кылып.
+2
bessmertiy
2019-05-30 21:19:26
Jelezo, Текебаев уже местный болуп калды. Рысалиев түшсө көргөзөт го көргүлүктү.
+2
Farra16gsin
2019-05-31 06:44:13
Рысалиев камалыш керек чынында ошол уйуштурган баарын эми актанбайле койсун
0
Pandora
2019-05-31 11:25:45
Ак уйго качан отот болду экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан