Аида Салянова 48 саатка камакка алынды. 4-июнда анын баш коргоо чарасы каралат

3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кармалып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кайрадан иликтенип жаткан иштин алкагында сурак берди. Аны алгач ИИМдин имаратында суракка алып, ошол кездеги атайын прокурор менен беттештирип, көрсөтмө алышканы маалым болду. Прокурор буга чейин кармалып, камакка алынган болчу. Андан кийин Салянованы Бишкек ШИИББинин имаратына алып келишти. Ал жактан ага жактоочусу жана Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу тарапташтары кирип чыгышты.

Салянова учурда сыркоолоп жаткандыгына байланыштуу ага жылуу кийимдери жана дарылары киргизилди. Экс-башкы прокурор 48 саатка камакка алынды. 4-июнда түшкө маал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралат.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Аида Салянованы ошол кездеги атайын прокурор (ред. Майрамбек Акматалиев, учурдагы Нарын облусунун прокурорунун орун басары) жана Башкы прокурордун ошол кездеги орун басары Людмила Усманова менен беттештирип суракка алышкан. Экөө тең Аида Саляновага каршы көрсөтмө беришкени маалым болду.

"Атайын прокурор 2 күн УКМКда камакта отуруптур. Ал Салянова боюнча көрсөтмө берем деп тергөө менен келишим түзгөн экен. Бүгүнкү беттештирүүдө Салянова Батукаев бошотулсун деп буйрук берген деп көрсөтмө берген. Экөөнүн көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбейт. Кимисиники туура экенин тиешелүү органдар аныктап чыгышат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бизге кенен маалымат берилген жок", - деди Шыкмаматов.

Шыкмаматов белгилегендей, жактоочулар Аида Салянованын кичинекей кызы бар экенин эске алып аны үй камагына чыгарууну соттон сурашмакчы.

Батукаевдин иши: Кармалган Аида Салянованын ооруп жатканы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Snejana
2019-06-04 02:23:35
Мыйзам барына бирдей иштесин. Жаш баласы менен Кыргыздын энелерин деле камап атышат. Бирок Аида айымдын акталып чыгышын каалайм.
+2
Dembele84
2019-06-04 02:32:55
Ошол кезде приказ менен Салянова да бар жокту аткарган,эми жооп берет
+13
Nurmat92
2019-06-04 03:06:48
Бири бирин чукуп бүтпөй койду го
0
Nurmat92
2019-06-04 03:07:57
Күнөөсү болсо камалсын андан башка энени деле кичинекей баласына карабай камап атышат. Күнөөсү жок болсо койберсин
+9
urmat94
2019-06-04 03:51:11
Чынжыр Атамбаевга очередь жетейин деп калыптыр
+3
Gema
2019-06-04 04:16:42
А раим качан камалды деп угабыз?
+1
Wold
2019-06-04 04:26:13
Ошол Капазга киргенде эле сыркоолоп ооруй бересиңерда байкуш чиновниктер.
+12
titanik32
2019-06-04 06:42:46
Бул Батукаевдин иши Атамбаевсиз болмок эмес.Рамзан Кадыров АШАга телефон урган любой путём Батукаевди чыгарасын деп.Анан ушул иш болгон да.Ошондуктан бул иш Атамбаевдин камоосу менен аяктайт.Закон алдында баары бирдей жооп берсин.700млн $гейт менен элди алаксытымыш болду эле анысы ишке ашбайт.Батукай ким аркылуу чыкканы 2 жашар балага да белгилүү.
+6
Bekturbek
2019-06-04 07:09:24
Бул баарына сабак болчу тарбия! Президентибиз жакшы иш алып баратат!жегендер кусучу,саткындар камалуучу убакыттар жакындап баратат.Жашоо бумеранг!
+6
odin-takoy
2019-06-04 07:10:10
Куноосу болсо камалсын ошол тизмдеги 27 киши оз жазаларын алсын башкаларга сабак болсун. Анан асия сасыкпаева чолпон жакупбековага шымаматовго окшогондор оз партиялашын коргобой эми акыйкатты суйлосун. Ушулар тойгузду бирдеке болсо эле саясий куугунтук деп.
+4
Anti-S
2019-06-04 09:18:46
odin-takoy, Бирдеме болсо эле сагызгандай сукулдап, чындыкты тебелеп тепсешип АКШнын айтканын кылып, мамлекеттуулугузбо зыян келтиришет ушулар!
+2
rysik79
2019-06-04 07:43:48
Акталсын байкуш салянова.
-6
Munar90Munar
2019-06-04 09:45:51
Молодец Соке жарайсын ишин чесный иш болтат бирок раим миллион качан камалат
+5
Adi010891
2019-06-04 11:02:00
Био зектин айынан, 27 зек пайда болмой болдуго
+6
aydinnur
2019-06-04 20:18:16
Раим менен өзүнүн жек жааттарын камай албагандан кийин мындай нерселерди жөн гана показуха деп коёт...
0
kazakov1991
2019-06-04 22:57:57
бироого гор казсан озун тушосун деген соз чында С.Жапаровко Салянованун тушунда иш козголуп камалды эле азыр эми озунун башына келди Соке таза иштейм десе Жапаровту бошотуш керек эле ал дагы таза киши эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан