Ороктогу жаңжалга байланыштуу Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипке өттү

Бүгүн, 5-июнда Чүй облусунун Орок айылында орун алган жаңжалга байланыштуу Бишкек шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипке өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Чүй ОИИББинин маалыматы боюнча, бүгүн болжол менен 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы жалгыздап сабап салышкан. Ал эми жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2019-06-05 22:49:35
Турциянын посолу эмне кылып жүрөт? Балким ошол баштабадыбы? Өткөндө муфтият менен чырдашып жатпады беле атайын айт намазда уюштуруп болбосо ал эмне жүрөт турциялык түрктөр эместа булар бул жерде бирнерсе бар түрктүн балдары жөн уралмак эмес ошону жакшылап иликтегиле эртең кайра эле кыргыздарды күнөлүү кылбай
+5
Take_men
2019-06-05 23:44:14
Түрктөр уруп атканда жанындагы кыргыздар ээси ооп карап турушканбы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан