Орок айылында абал тынч, эл толук тарап бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери Орок айылында кечээ чыккан жаңжалдан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Мындан сырткары абалды көзөмөлдөө үчүн атайын багыттагы жоокерлер да тартылган болчу.
"Учурда айылда чогулган эл жок, абал тынч. Ага карабастан айылдын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Азырынча милиция кызматкерлери айылдын ичинде болушат", - деди Орозалиев.
Бүгүн күндүз айылдын ичине жергиликтүү тургундар чогулуп, кечээ жаралган маселени чечүүнү талап кылышкан. Түштөн кийин келген бийлик өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ынтымакка келүү чакырыктары айтылган. Бирок айылдын тургундары буга макул болушкан жок. Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик маселени чечпестен эле тарап кетишти.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.