Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.
Анын жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев бул комиссиянын абдан бат иштеп жыйынтык чыгарганы күмөн жаратканын билдирди. Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев ага төмөнкүдөй жооп берди.
"Бизге парламент жыйынтык чыгарууга бир жума берген. Биз парламенттик тергөө жүргүзгөн жокпуз. Эгер мындай болсо, 6 ай иштесек болмок. Биз шектүү жагдайларга "ооба" же "жок" деген жоопторду издөө менен алек болдук. Негизи 2 күндө ишти бүткөнбүз. 3-күнү экс-президенттин өзүн жана өкүлүн күттүк", - деди Иманалиев.
Аталган комиссия 13-июнда түзүлүп, 17 жана 18-июнь күндөрү жыйындарын өткөргөн. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 80ден кем эмес депутаттын макулдугу керек.