Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда Алмазбек Атамбаевди "экс-президент" макамынан ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу каралды.
Анда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасады. Анын айтымында, Атамбаевге депутаттык комиссия таккан 6 айыптын бешөөсү боюнча оор кылмыштардын белгилерин аныкталды.
Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
Кой-Таш айылына салынган турак-жайынын жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу;
Акча адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
Ал эми бийликти узурпациялап, массалык маалымат каражаттарына, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасоо жана миллиондогон сомдук доолорго жыгуу боюнча Башкы прокуратура Атамбаевди айыптоого негиз тапкан жок.
Жыйынтыгында аталган комитет Башкы прокуратуранын корутундусун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу процесси боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.