Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева таратты.
Билдирүүнүн тексти:
"Сиздер учурда Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын көрүп турасыздар. Эл чындыкты укпасын деп Сооронбай Жээнбеков менин үнүмдү басыш үчүн бүт аракетин жасап жатат. Бул максатка жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын бүткүл ресурсу иштеп жатат. Буга мурдагы ыплас коррупциялык иштери менен белгилүү болгон эң эле ыплас саясатчылар тартылган, кадыресе адептин чегинен чыккан маалыматтык технологиялар пайдаланылууда.
Мен мурда бул оюнга катышпай турганымды билдиргем. Жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга акым жок. Кылмыш иштери ушактарга жана ойдон чыгарылган ыплас нерселерге негизделиши мүмкүн экенин эч качан ойлогон эмесмин. Башкы прокурордун жагалданып, мындай жөөлүгөн калжыракты бир күндүн ичинде мыйзамдаштырып берери оюма да келбептир. Экинчиден, мени парламентке эч ким чакырган эмес. Анткени чындыктан коркушат. Бул суу жүрөктөр өздөрүнүн бардык арам иштерин бетпактык менен тымызын жасап көнүшкөн. Бажыдагы чектен чыккан коррупциянын бетин ачкан Кубанычбек Кулматов менен Сапар Исаковду да ушундай эле коркоктук жана кара санатайлык менен камап салышкан. Мага тагылып жаткан айыптоолордун маңызына келсек, мен дагы бир жолу кайталайм: мунун баары түккө турбаган былжырак айың кептер.
Мисалы, прокуратура менин бизнес өнөгүм катары көрсөтүүгө аракеттенип жаткан ошол эле Субихи Пархатини алалы. Бул 2017-жылдын жайында Сооронбай Жээнбеков мага тааныштырган АКАинвесттин башчысы Хабибулла Абдыкадырдын сунушу менен менин мурдагы компанияларымдын бирин сатып алган адам. Жээнбеков мага Хабибулланы Кытайдан келген таанымал ишкер деп тааныштырган. Ошондуктан АКАинвесттин ээлери жөнүндө, бул компаниянын Кыргыздын аймагындагы ишкер-долбоорлорго катышуусу, алган лицензиялары жана алардын Матраимовдор менен болгон байланыштары жөнүндө Сооронбай Жээнбековдон сураш керек.
Артыкбаев менен Атахановдун мага каршы берген көрсөтмөлөрү да кысым астында алынганы ачык-айкын көрүнүп турат. Бул тергөө менен келишимге келүү эмес, өз ыйманына камчы чапкандык. Ыйман деле буларда калган эмес окшойт.
Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм. Аны бошотуу боюнча афёраны кимдер ойлоп тапканы, ага рак менен оорулуу, жакында өлөт деген документтерди ким даярдаганы жана бул жардамы үчүн кимдер канча акча алганы жөнүндө ачык айтса болмок.
Мен ошондой эле бул маселе боюнча Орусиянын президенти, урматтуу Владимир Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызга өткөрүлүп берилет деп ишенгем. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат.
Мен эмне иштерди аткарсам, анын баарын Кыргыз эли үчүн жасагам. Болгон күч-аракетимди биздин жаш мамлекеттин көз карандысыздыгын бекемдөөгө, элдин турмушун жакшыртууга жумшагам.
Сооронбай Жээнбеков көлдөй болуп мемиреп, тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты. Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк-кландык режимин да шыпырып кетери анык. Экономикада жана социалдык чөйрөдө эч кандай оң жылыштар болбой, мамлекеттик башкаруу шал абалга кептелип турган азыркы кырдаалда бул толкунду эч ким токтото албайт".
Кечээ, 25-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов "Азиз Батукаевди бошотуу боюнча Алмазбек Атамбаев өзү буюртма берген" деп билдирген эле.
Учурда Алмазбек Атамбаевдин үйүндө КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү, "Элдик штабдын" өкүлдөрү чогулуп турушат. Экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнөн түз эфир бул жакта.