Атамбаев анын бийлигинин тушунда кордук көргөндөрдөн азыр колдоо таап жатканын билдирди

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан ага карата айтылган айыптоолорго байланыштуу билдирүү жасады. Мурдагы президенттин билдирүүсүн КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева таратты.

Билдирүү төмөнкүдөй жазылган:

"Урматтуу мекендештер! Жогорку Кеңеш тарабынан менин дарегиме айтылган айыптоолор жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясий атаандашты четтетүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан.

Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат. Бийлик тарабынан мени каралоо үчүн пайдаланылып жаткан депутаттардын кебете-кешпирин кыргыз эли көрдү, өз баасын берди. Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы, чындык менин тарабымда экендигин мындан да кашкайта далилдеп турат. Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат, анткени Апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкан.

Тилекке каршы, мен жанымдагы адамдардан абдан адашкан экенмин. Президент кезимде Жээнбековдор баш болгон кошоматчылар бүгүн ашынган душман менен сынчыга айланып чыга келишти. Мени коргоп жаткандардын көпчүлүгү болсо кезинде кызматы жок же алтургай, мен бийликте турган кезимде кордук көргөн адамдар.

Мен Кудай алдында жана элимдин алдында акмын! Мыйзам жана абийирим алдында тазамын! Бул жылдардын ичинде аткарган иштеримдин баарын эл үчүн жасаганга аракет кылдым жана анын баары элге калат!

Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана Кыргыз Республикасынын президенти кызматындагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм, койго окшоп моюнумду тосуп бербейм. Булар элди көпкө алдай албайт, өздөрүнүн ыплас ушактарын да мага оодара албайт. Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким "автомат такап" өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат. Чындык жана мыйзам мен тарапта. Мага намыс – өмүрдөн кымбат!"

Кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңеште "Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору каралган. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын чечими добушка коюлуп, жалпы 105 депутат каттоодон өтүп, колдоого "макул" деп 100, ал эми "каршы" деп 5 эл өкүлү добуш берген. Андан кийин бул чечим Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан