Эртең, 23-октябрда саат 9:30да Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылганы боюнча кайрылууну карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. КСДП Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы, депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага кайрылган.
Буга чейин 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган.
Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу таржымалы тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.