"Алмазбек Атамбаевди эле "жаман" дей бергенден эч нерсе чечилбейт" деген оюн бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда жарандык активист Айбек Бузурманкулов билдирди.
"Акаев жана Бакиев кеткенде эч нерсе өзгөргөн эмес. Атамбаев кетти, анда деле мурункудай көрүнүш, экс-президентти камагандан эч нерсе өзгөрбөйт. Жаман дей бергенден маселе чечилбейт. Азыркы президентке бийликти узурпациялоого жол берип жатасыңар. Депутаттар аракеттерине баа бериши керек, бирок силер үн чыгарган жоксуңар. Өзүңөрдүн дарегиңерге да сын-пикирлерди угууга даяр болушуңар керек. Болбосо Атамбаевден өч алып жаткандай болуп каласыңар", - деп кайрылды депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө Бузурманкулов.