Депутат: "Атамбаев камалган балдардын туугандарына актанып жатат"

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу Иса Өмүркулов сүйлөбөй эле койсо болмок деп айткан.

Буга Иса Өмүркулов жооп кайтарды. "Мен сүйлөймбү же сүйлөбөймбү сенден уруксат сурабайм. Бакиевдин бийлигине каршы митингдерде сен, мен, Текебаев болуп чогуу жүргөнбүз. Атамбаев бийликке келгенде фракциянын жетекчиси катары колдодук. Бирок мөөнөтү бүткөндө көрүп жатабыз. Кесиптешим жаткан адамды тепкилебегиле деп жатат. Экс-президент жөн жата берсе ага эч ким тийишмек эмес. Ал камалган балдардын (ред. Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов) убалына калды. Атамбаев алардын туугандарына актанып жатат. Асмандан түшкөндөй ак болууда. Мен да убагында саясий куугунтукка кабылгам. Аларга окшоп бир чарчы метр жер тилкесин алсам жоопко тартылганга даярмын", - деди Иса Өмүркулов.

Иса Өмүркулов: “Атамбаев жөн жатса ага эч ким тийишмек эмес“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан