Депутат: "Шамиль Атаханов кармалганга чейин бирди, кармалгандан кийин башканы айтып жатат"

"Мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов кармалганга чейин көрсөтмө берип, кармалгандан кийин такыр башкача көрсөтмө берүүдө" деп бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште депутат Карамат Орозова билдирди.

Жыйында “Экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору окулуп, башкы прокурор депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

"Бул маселе коомчулукта чуу жаратты. Элди кызыктырганы - эмне себептен эки күндө эле шашылыш чечим кабыл алынып калды?" деди депутат.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Эч кандай себеп жок, баары мыйзам чегинде жүрүүдө. Айып коюу мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатат. Атайын депутаттык комиссиянын токтом долбоору Башкы прокуратурага 20-июнь күнү кечинде келип түшкөн. Жыйынтык 2-3 күндүн ичинде чыгып калган жок. Бул боюнча атайын топтор түзүлүп, иш алып барды", - деди Жамшитов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан