Дагы бир экс-чиновник Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Мурунку энергетика министри жана депутат Осмонбек Артыкбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Депутаттык комиссиянын токтомуна ылайык, "ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланышы бар" деп мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев көрсөтмө берген.

"Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Атамбаевге тагылган айыптар боюнча тиешелүү мекемелер текшерүү иштерин жүргүзүшү керек деген ойго токтолду. Мындан сырткары Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Нарын Айып, Нариман Түлеевдин кылмыш иштери да эске алынды. Айыптоолорго ылайык, Атамбаев президент кезинде соттук системге түздөн-түз кийлигишкен.

Комиссиянын корутундусуна ага мүчөлүк кылган 12 депутаттын ичинен 11и кол коюп берди. Депутат Канатбек Исаев кол койгон жок", - деди депутаттык комиссиянын төрагасы депутат Каныбек Иманалиев.

Белгилүү болгондой, комиссиянын корутундусу эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте каралып, андан соң жалпы жыйынга чыгарылмакчы.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмөнү мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов бергени белгилүү болгон. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Атамбаевден тапшырма түшкөнүн айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан