Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу сунушун 50гө жакын депутат колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов бул маселени бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизүүнү өтүндү.
"Кечээ экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушка 40тан ашык депутат кол койгон. Ал маселе бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, палатага жөнөтүлдү. Бул маселени бүгүн күн тартибине киргизип, маселени кароону сунуштайм", - деди.
Бул маселени кароо добушка коюлду. Катталган 92 депутаттын ичинен 48 эл өкүлү "макул", ал эми 1 депутат каршы деген добуш берди.