Депутат Иса Өмүркулов экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселеси мыйзам чегинде карала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-июнда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн бир айдай убакыт кетет. “Бардык процедуралар мыйзам чегинде өтөт. Мен бул демилгеге кол коюп бердим”, - дейт ал.
Бул маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупция каршы аракеттенүү боюнча комитети карайт. Андан соң документтер Жогорку Кеңеште каралат.
Бирок бул маселе комитетте качан каралары белгисиз. Бүгүн жыйында депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда Жогорку Кеңешке карата айткан сыны боюнча нааразычылыктарын билдиришти. Депутат Канат Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча 40тан ашык эл өкүлүнүн колу топтолгонун айткан.