Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу. КСДПнын жообу (тизме)

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия Конституцияны бузуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда маалымат жыйынында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган комиссия бир нече мыйзамдарды одоно бузуп иш алып барууда. "Биринчиден, Конституциянын 28-беренесине ылайык, адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Атамбаев 2017-жылы "экс-президент" макамына ээ болгон. Ал эми парламент 2019-жылы экс-президентти жоопко тартууга жол берген мыйзамды кабыл алган. Демек, бул мыйзам өткөн мезгилге колдонулбайт.

Экинчиден, Жогорку Кеңеш тарабынан экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун тартиби жана жол-жобосу жок. Үчүнчүдөн, кайсы депутаттар экс-президентке айып такканы белгисиз. Төртүнчүдөн, Жогорку Кеңештин атайын комиссияны түзүү боюнча токтомунун юридикалык күчү жок. Бешинчиден, эгер кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда депутаттар комиссиянын курамына кирбеши керек, бирок комиссияга Атамбаевге өчү бар Талант Мамытов, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев жана Канатбек Исаев кирген", - деди Касымбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан