Вице-спикер башкы прокурорго Атамбаев боюнча берген суроосуна өзү жооп берди

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору окулуп, башкы прокурор депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Анда вице-спикер Мирлан Бакиров Кой-Ташта болуп жаткан кырдаал боюнча суроо берди. "Башкы прокурор катары айтсаңыз, бул нерсе коомдук тартипке, коопсуздукка кандайдыр бир таасири тийиши мүмкүнбү? Бул боюнча кандайдыр бир эскертүүлөр берилдиби?" - деп сурады Бакиров.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Өткөндө айткан кайрылуулары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми бул боюнча эч кандай эскертүү берилген жок", - деп жооп берди.

Вице-спикер бул жоопко: "Биз да байкап, көрүп жатабыз, бул жагдай коомдук тартипке терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бизде атайын кызматтар бар", - деп кошумчалады.

Бир нече күндөн бери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын тарапташтары чогулуп, митинг өткөрүүгө даярданууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан