27-июндан 28-июнга түн ооп бара жатат. Ушул тапта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө түзүлгөн штабдагылардын саны 500дөн аша турганын партия өкүлү Темирлан Султанбеков билдирди.
Учурда Атамбаевдин үйүнө топтолгондор өз ара сүйлөшүп, айрымдары боз үйдүн ичинде, кээ бирлери сыртта, короодо жүрүшөт.
"Биз 4 күндөн бери эле үйлөрүбүзгө тарай элекпиз. Азыр да келгендер бар. Штаб деген түнү менен иштейт. Бул жакка келгендердин саны күн сайын көбөйүп жатат. Аймактардан да келгендер бар. Азыр бул жердегилердин саны 500дөй болгону менен, ар кандай себептер менен убактылуу үйлөрүнө кеткендерди кошкондо 800гө жетет", - деди ал.
Буга чейин көчөдө атчан адамдар да жүргөнү байкалган. Мында келген журналисттер да түн ортосуна карабастан кете элек.