Бүгүн, 16-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ага Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча бүгүнкү соттун чечими тууралуу суроо берилди.
Анын пикиринде, Текебаев парламентке керек. "Үмүт адамдарды жана партияларды ар кандай ойго келбеген иштерди жасоого түртөт эмеспи. Байкашымча, азыркы бийлик Текебаевдин тарапташтарына үмүт берип, аларды андан бетер баш ийдиргиси келип жатат.
Буга чейинки маегимде айткам: мен Текебаевдин иши боюнча катуураак каршылык көрсөтсөм болмок. Анткени парламентке Текебаевдей адамдар абдан керек болуп жатат. Алар өздөрүн кандай гана алып жүрбөсүн, ойлоруна эмне гана келбесин, алар парламентке керек. Бул өкүнүчтүү.
Текебаевдин иши боюнча факты далилденген, бирок ал өз жазасын алды деп ойлойм. Бул менин эң чоң каталарымдын бири болгон. Мыйзам боюнча иштегиле деп дайыма айтчумун. Балким, бул туура эмес, бирок ушундай иштерде мыйзам бузууну талап кылыш керек окшойт. Бүгүн сот Текебаевдин пайдасына чечим чыгарса болмок. Бул процесс күлкүлүү болуп бара жатат. Текебаев абакта Жээнбековдун тушунда "узурпатор" Атамбаевдикине салыштырмалуу эки эсе узак отурду", - деди Атамбаев.