Бүгүн, 20-августта УКМКда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, бөгөт чарасы саат 9:00дө каралат.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган.