Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө жүргөн кабарчыбыз билдиргендей, экс-президентти кармоо операциясы кайрадан башталды. Кырдаал курч. Үйдүн бет маңдайындагы адырдан өрт чыгып, ал жол боюндагы унааларга өтүп кетүү коркунучу бар. Баш-аягы 10дон ашуун унаа өрттүн курчоосунда калды. Унаанын ээлери өрттөн чочулап өтө албай турушат. Атышуу да болуп жатат.
Болжолу менен учурда 100-150дөй укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрөт.
Кой-Таш айылынан Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылына чейинки аралыкта 5 блокпост орнотулду. Анын ар биринде 50дөн 150гө чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар.
Маалымат дагы толукталат.