Вице-премьер: "Чүй ОИИББинин жетекчисинин абалы оор"

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, Самат Курманкуловдун абалы оор. "Бүгүн Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна бардык. Самат Курманкуловду көрдүм, абалы оор экен", - дейт Алтынай Өмүрбекова.

Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
pero5184
2019-08-08 09:38:05
Атамбаев бир кезде өзү айткан эле "мыйзамды сыйлаш керек , күнөөсү болсо жазасын алат,болбосо акталып чыгат "- деп Атамбаевда элдин аркасына жашынбай барсын суралсын.Күнөөсүз экенин далилдесин.
+5
elmira.
2019-08-08 09:38:14
Атамбай куноолуу баарына .ак болсо барбайбы бекинип жатпай...бир спецназ каза болуптурго ,аябай ичим ачышты
+6
Bars88
2019-08-08 09:49:15
Башка олкодо болгондо кууп журуп атмак чыккандарды.Эртен дагы башкасы чыгат камасанар атышам деп
-2
BubleGum
2019-08-08 09:49:55
Ото окунучтуу. Кудай шыпаа берип уй-булосунун бактысына айыгып кетсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан