Акыркы 3 күндөн бери НТС телеканалынын берүүлөрү Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн айрым жерлеринде көрсөтүлбөй жатат. Бул боюнча аталган телеканалдын директору Миржан Балыбаевге кайрылганыбызда, ал абал тууралуу буларга токтолду.
"Таласта да биздин канал көрсөтпөй жатыптыр. Мен ал жактагы тааныштар, кесиптештер, жеке булактар аркылуу сурап маалымат топтодум. Анын негизинде белгилүү болгондой, Таласта санариптик берүүлөрдү алып берген РРС 16 деген бар. Аны түз буйруктун негизинде өчүртүп салышыптыр. Бул маалыматты бир нече өздүк булактардан тактадым. НТСти эле эмес, НТС менен кошо коммерциялык пакеттеги каналдарды өчүрүшүптүр. Санарипте социалдык жана коммерциялык пакет бар, ошонун коммерциялык пакеттеги каналдары өчкөн. Андан кийин тиешелүү жакка кайрылдым, ошондо эфирди кайра жандантышты.
Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы абал боюнча айтсам, айрым жерлерде гана биздин эфир көрсөтүлүп жатат. Муну караган уюмдун атын атабай эле коёюн, мамлекеттик эмес, менчик уюм. Мындай иштерге ошол уюм жооп бергендиктен аларга кайрылсам, биздин коммерциялык пакеттеги каналдардын передатчиктерин муздатып турчу желдеткичи бузулуп калып оңдоп жатабыз деген жүйөнү келтиришти. Муну оңдоп коюу чоң маселе эмес болсо керек. Андыктан алар айткан нерсе канчалык чын деген ой жаралууда. Желдеткичтин чын эле бузулганынан күмөнүбүз бар. Тиешелүү адамдарга чалсак телефондорун албай жатышат.
Башка аймактарда көрсөтүү өчүрүлдү деген маалыматтарды уга элекмин, станцияларга чалып жатабыз, бирок эфир токтотулду деген маалымат жок", - деди Балыбаев.
Кечээ, 8-августта "Апрель" каналы да көрсөтпөй жатканы белгилүү болгон.