КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигине сурак берүүгө кирип кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал ИИМге саат 12:00гө чакырылган.
Кечээ, 8-августта Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.