КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана журналист Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка да чакырылган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
Ошондой эле буга чейин жарыяланган Мирбек Айтикеевдин 10-октябрга чейин камакка алынгандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын министрлик кошумчалады.
7-8-август күндөрүндөгү Кой-Ташта жана Бишкекте орун алган окуялардын алкагында ачылган кылмыш иштери боюнча Мирбек Айтикеев күбө катары өтүп жатканын ИИМ билдирди.
Мирбек Айтикеев 7-август күнү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч органдары тарабынан кармоо учурун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфир менен чагылдырган. Ошол окуядан бери анын дайыны белгисиз.