Алмазбек Атамбаевдин кудасынын үйүнөн акча жана ири суммадагы акча каражаттар коротулганы жазылган кагаздар алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
"8-9-август күндөрү сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында Сейитбек Атамбаевдин кайнатасы Дж.М. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда Сейитбек Атамбаев тарабынан калтырылган сумка табылган. Анын ичинен 170 миң сом, 2 миллион 225 миң сом жана 318 миң доллар акча каражаты кайсы жактарга сарпталганы тууралуу жазылган кагаздар алынды. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, бул акча каражаттар митингди жана башаламандыкты уюштурууга сарпталган. Учурда тизмелер тыкыр иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.